1-берене
Күчүндө · 11.03.2013 редакциясы
"Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин Жарчысы, 1999-ж., № 11, 452-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүү киргизилсин:
1. 2-статьяда:
статья төмөнкүдөй мазмундагы жетинчи абзац менен толукталсын: "булгоочу заттар - белгилүү бир концентрацияда айлана-чөйрөгө түшкөндө адамдын ден соолугуна, өсүмдүктөр жана айбанаттар дүйнөсүнүн абалына, материалдык жана маданий баалуулуктарга коркунуч туудурган заттар;"; статья төмөнкүдөй мазмундагы отуз биринчи абзац менен толукталсын: "парник газдары - инфракызыл нурданууну сиңирип алган жана кайра нурланткан газ сымал булгоочу заттар;".
2. 25-статьянын 1-бөлүгүндө:
үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "- Кыргыз Республикасы тарап болуп саналган, Монреаль протоколу менен жөнгө салынбаган булактардан антропогендик чыгуу жана бардык парник газдарын сиңирип алуучулардын абсорбциясы, ошондой эле озонду бузуучу заттардын керектелиши боюнча маалыматтарды үзгүлтүксүз чогултууну жана эсепке алууну уюштуруу;"; бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын: "- беш жылда бир жолудан кем эмес парник газдарынын чыгышын азайтуу жана климаттын өзгөрүүсүнө адекваттуу ыңгайлашуу боюнча улуттук, региондук жана тармактык программаларды иштеп чыгуу, жүзөгө ашыруу жана үзгүлтүксүз жаңылап туруу;".
Берененин тексти 11.03.2013 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндөЗакон · 16.06.1999 · № 53
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203843/st-1" title="1-берене - Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>