1-берене
Күчүн жоготкон · 24.07.2015 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 июля 2015 года № 193.
"Кыргыз Республикасынын музейлери жана Музей фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2000-ж., N 5, 262-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 4 жана 14-статьялардын 2-бөлүгүн кошпогондо, Мыйзамдын бүткүл тексти боюнча ар түрдүү жөндөмө формаларындагы "маданиятты мамлекеттик башкаруунун борбордук органы" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "маданият чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. 4-статьянын 2-бөлүгүндөгү "Маданиятты мамлекеттик башкаруунун борбордук органы" деген сөздөр "Маданият чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөргө алмаштырылсын.
3. 14-статьянын 2-бөлүгүндөгү "маданиятты мамлекеттик башкаруунун борбордук органы" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү" деген сөздөргө алмаштырылсын.
4. 16-статьянын 2-бөлүгүндөгү "эл аралык келишимдерге" деген сөздөр "Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге" деген сөздөргө алмаштырылсын.
5. 17-статьянын 2-бөлүгүндөгү ", жергиликтүү мамлекеттик администрациялар" деген сөздөр алып салынсын.
6. 23-статьянын 1-бөлүгүндөгү "Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү" деген сөздөр "Жергиликтүү" деген сөзгө алмаштырылсын.
7. 25-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"25-статья. Кыргыз Республикасында музейлерди түзүү Кыргыз Республикасында музейлер мекемелер формасында, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте түзүлөт.".
8. 27-статьянын 3-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын.
9. 28-статьянын 3-бөлүгү күчүн жоготту деп таанылсын.
10. 34-статья төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"34-статья. Ушул Мыйзамды бузгандык үчүн жоопкерчилик Ушул Мыйзамды бузгандык үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик белгиленет.".
Берененин тексти 24.07.2015 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын музейлери жана Музей фонду жөнүндөЗакон · 24.07.2015 · № 193
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203825/st-1" title="1-берене - Кыргыз Республикасынын музейлери жана Музей фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>