Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР «Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө Кодексине толуктоолорду киргизүү тууралуу» Мыйзамы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Кодекс КР от 13 апреля 2017 года № 58 "Кодекс Кыргызской Республики о нарушениях"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2024-10-24.
КР 2017-жылдын 13-апрелиндеги N 58 Кодексине ылайык 2019-жылдын 1-январынан тартып КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2013-жылдын 13-февралы № 14
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө Кодексине толуктоолорду киргизүү тууралуу
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө Кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 2, 77-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:
1. Кодекс төмөнкүдөй мазмундагы 231-1-статья менен толукталсын:
"231-1-статья. Жолду мыйзамсыз тосуу
Жеке жана (же) юридикалык жактардын жолду мыйзамсыз тосуусу, башкача айтканда, жарандардын эркин жүрүүгө укуктарын жана эркиндиктерин чектөөгө багытталган аракеттери, - жеке жактарга эсептешүү көрсөткүчүнүн отуз өлчөмүндө, юридикалык жактарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн беш жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет. Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган ошол эле аракеттер тосмолоо буюмдарын орнотуу менен жасалганда, - жеке жактарга эсептешүү көрсөткүчүнүн элүү өлчөмүндө, юридикалык жактарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн жети жүз өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.".
2. 508-статьянын 1-бөлүгү "230-статьясынын биринчи жана экинчи бөлүктөрүндө," деген сөздөрдөн кийин "231-1-статьясында," деген сөздөр менен толукталсын.
3. 556-1-статьянын 1-бөлүгүнүн 1-пунктунун үчүнчү абзацы "157," деген сандан кийин "231-1," деген сан менен толукталсын.
4. 564-статьянын 1-пункту "көчө жүрүштөрүн жана демонстрацияларды" деген сөздөрдөн кийин "жолду мыйзамсыз тосууну" деген сөздөр менен толукталсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
А.Атамбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексКодекс · 04.08.1998 · № 114 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Буузуулар жөнүндө КодексиКодекс · 13.04.2017 · № 58 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасынын Буузуулар жөнүндө КодексиКодекс · 13.04.2017 · № 58 · Күчүн жоготкон