1-берене
Күчүн жоготкон · 13.04.2017 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Кодекс КР от 13 апреля 2017 года № 58.
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 2, 77-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин: 65-статьяда: 1-бөлүгүнүн экинчи абзацында "бирден үчкө чейин" деген сөздөр "үчтөн бешке чейин" деген сөздөргө алмаштырылсын; 2-бөлүгүнүн экинчи абзацында "үчтөн бешке чейин" деген сөздөр "бештен онго чейин" деген сөздөргө алмаштырылсын; берене төмөнкүдөй мазмундагы 3-бөлүк менен толукталсын: "Ушул берененин биринчи жана экинчи бөлүктөрүндө көрсөтүлгөн жашы жете электерди алкоголдук ичимдиктерди ичүүгө, баңги каражаттарын жана психотроптук заттарды такай пайдаланууга же болбосо селсаяктык же кайырчылык кылууга түрткөн иш-аракеттер, ошого тете алар тарабынан жасалган кылмыш же атайылап администрациялык укук бузуулардын белгилерин камтыган жосундар, - эсептешүү көрсөткүчүнүн ондон жыйырма өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.".
Берененин тексти 13.04.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203803/st-1" title="1-берене - Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>