1-берене
Күчүн жоготкон · 13.04.2017 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Кодекс КР от 13 апреля 2017 года № 58.
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 2, 77-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. 374-статьянын экинчи абзацында "бирден эки" деген сөздөр "бештен он" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. 396-статьянын экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн - бештен он, кызмат адамдарына - ондон элүү, юридикалык жактарга - жүздөн беш жүз өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.".
3. 398 жана 399-статьялардын экинчи абзацында "0,5тен бир" деген сөздөр "бештен он" деген сөздөргө алмаштырылсын.
4. II бөлүм төмөнкүдөй мазмундагы 35-4-глава менен толукталсын:
"35-4-глава Кыргыз Республикасынын калкын жана аймагын жарандык коргоо чөйрөсүндө администрациялык укук бузуулар
"505-18-статья. Өзгөчө кырдаалдар органдарынын көрсөтмөлөрүн аткарбоо
Өзгөчө кырдаалдар органдарынын көрсөтмөлөрүн аткарбоо - жарандарга эсептешүү көрсөткүчүнүн - ондон жыйырма, кызмат адамдарына - жыйырмадан элүү өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.".
5. 506-статьянын 4 жана 8-пункттары күчүн жоготту деп таанылсын.
6. III бөлүмдүн 36-главасы төмөнкүдөй мазмундагы 512-2-статья менен толукталсын:
"512-2-статья. Өзгөчө кырдаалдар органдары
Өзгөчө кырдаалдар органдары ушул Кодекстин 505-18-статьясында каралган администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди карайт. Өзгөчө кырдаалдар органдарынын областтардагы, Бишкек, Ош шаарларындагы башкармалыктарынын начальниктери администрациялык укук бузуулар жөнүндө иштерди кароого жана администрациялык айыптарды салууга укуктуу.".
Берененин тексти 13.04.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203798/st-1" title="1-берене - Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү жала толуктоолорду киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>