Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР «Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу» Мыйзамы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2012-жылдын 8-ноябры № 179
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө Кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1999-ж., N 2, 77-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
1. 131-статьянын экинчи абзацында "бирден үч" жана "үчтөн он" деген сөздөр тиешелүүлүгүнө жараша "ондон жыйырма" жана "жыйырмадан кырк" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. 150-статьяда:
1-бөлүгүнүн экинчи абзацында "бирден үч" жана "үчтөн сегиз" деген сөздөр тиешелүүлүгүнө жараша "бештен он" жана "ондон кырк" деген сөздөргө алмаштырылсын; 2-бөлүгүнүн экинчи абзацында "бирден беш" деген сөздөр "ондон кырк" деген сөздөргө алмаштырылсын.
3. 167-статьянын экинчи абзацында "бирден беш" жана "бештен он беш" деген сөздөр тиешелүүлүгүнө жараша "бештен он" жана "ондон кырк" деген сөздөргө алмаштырылсын.
4. 182-статьянын биринчи абзацы "Парктардагы," деген сөздөн кийин "гүлбактардагы, пансионаттардагы, курорттордогу," деген сөздөр менен толукталсын.
5. 489-статьянын 2-бөлүгүнүн экинчи абзацында "ондон жыйырма" деген сөздөр "элүүдөн жүз" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
А.Атамбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 0 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексКодекс · 04.08.1998 · № 114 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Буузуулар жөнүндө КодексиКодекс · 13.04.2017 · № 58 · Күчүн жоготкон