6-берене. Ыйгарым укуктуу органдын компетенциясы
Күчүндө · 06.07.2016 редакциясы
Ыйгарым укуктуу органдын компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
1) улуттук бирдиктүү кыртыш саясатын ишке ашыруу;
2) кыртышты коргоо жаатында Кыргыз Республикасынын өнүктүрүү стратегиясын, максаттуу программаларын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;
3) тобокелчиликтүү тоо дыйканчылыгын жана мал чарбачылыгын эске алуу менен, кыртышты коргоо чөйрөсүндө илимди жана илимий изилдөөлөрдү пайдалануу;
4) кыртыштын күрдүүлүгүн коргоо чөйрөсүндө ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун иштеп чыгуу;
5) кыртышты сарамжалдуу пайдалануу жана күрдүүлүгүн жогорулатуу, кыртыш ресурстарын коргоо боюнча республикалык жана райондук программаларды, ошондой эле айылдык округдун программаларын иштеп чыгуу жана ишке ашырылышын көзөмөлдөө;
6) жер кадастрын жүргүзүү, кыртыштын күрдүүлүгүнө мониторинг жүргүзүүнү жүзөгө ашыруунун тартибин иштеп чыгуу;
7) кыртышты пайдалануу жана коргоого көзөмөлдөөнү уюштуруу;
8) жарандарга кыртыштын абалы жана кыртышты коргоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралар жөнүндө маалымдоо;
9) кыртыштын кери кеткенде же күрдүүлүгү төмөндөгөндө жер участогун алып коюу (сатып алуу) тартибин иштеп чыгуу жана бекитүү;
10) гендик инженериянын продуктулары менен кыртыш булганган учурлар табылганда иш-аракеттердин тартибин иштеп чыгуу жана бекитүү.
Берененин тексти 06.07.2016 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
6-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-мартындагы № 107-т (2024–2028-жылдарга Кыргыз Республикасынын кыртыштын күрдүүлүгүн жогорулатуу программасын бекитүү…Распоряжение · 25.03.2024 · № 107-р
- Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин 2019-жылдын 13-февралындагы № 36 "Кыргыз Республикасынын айдоо жерлерине мониторинг жүргүзүү жөнүндө…Приказ · 13.02.2019 · № 36
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203765/st-6" title="6-берене - Айыл чарба багытындагы жерлердин кыртышынын күрдүүлүгүн коргоо жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>