5-берене. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн компетенциясы
Күчүндө · 06.07.2016 редакциясы
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн компетенциясына төмөнкүлөр кирет:
1) улуттук бирдиктүү кыртыш саясатын жүргүзүү;
2) кыртышты коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органды аныктоо:
3) улуттук кыртыш саясатын ишке ашыруу максатында эл аралык келишимдерди жана макулдашууларды түзүү;
4) кыртышты коргоо жаатындагы Кыргыз Республикасын өнүктүрүү стратегиясын жана программаларын ишке ашыруу;
5) тобокелчиликтүү тоо дыйканчылыгын жана мал чарбачылыгын эске алуу менен, кыртышты коргоо чөйрөсүндө илимди жана илимий изилдөөлөрдү өнүктүрүү;
6) кыртышты коргоо жаатындагы ченемдик укуктук актыларды кабыл алуу;
7) кыртышты сарамжалдуу пайдалануу жана күрдүүлүгүн жогорулатуу, кыртыш ресурстарын коргоо боюнча республикалык жана райондук программаларды, ошондой эле айылдык округдун программаларын бекитүү жана ишке ашырылышын көзөмөлдөө;
8) жер кадастрын жүргүзүү, кыртыштын күрлүүлүгүнө мониторинг жүргүзүүнү жүзөгө ашыруунун тартибин бекитүү;
9) кыртыштын кери кеткенде же күрдүүлүгү төмөндөгөндө жер участогун алып коюу (сатып алуу) тартибин бекитүү;
10) кыртышты коргоо чөйрөсүндө ушул Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка маселелерди чечүү.
Берененин тексти 06.07.2016 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
5-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203765/st-5" title="5-берене - Айыл чарба багытындагы жерлердин кыртышынын күрдүүлүгүн коргоо жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>