2-берене. Кыртышты коргоо жаатындагы мамлекеттик саясаттын негизги принциптери
Күчүндө · 06.07.2016 редакциясы
Тобокелчиликтүү тоо дыйканчылыгынын жана мал чарбачылыгынын шарттарында кыртышты коргоо жаатындагы мамлекеттик саясаттын негизги принциптери төмөнкүлөр болуп саналат:
1) тобокелчиликтүү тоо дыйканчылыгынын шарттарында азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуунун маанилүү компоненти катары кыртышты сарамжалдуу пайдалануунун жана сактоонун артыкчылыктуулугу;
2) тоолуу өлкө үчүн мүнөздүү экономикалык жана чарбалык кызыкчылыктардан кыртышты коргоо кызыкчылыктарынын артыкчылыгы;
3) кыртыштын күрдүүлүгүн арттыруу жана кери кеткен кыртышты калыбына келтирүү боюнча иш-чаралардын артыкчылыктуулугу;
4) чарбалык жана башка иштерди жүзөгө ашырууда кыртыштын абалына таасир этүүнүн илимий негиздүүлүгү;
5) кыртыштын абалы жана кыртышты коргоо милдеттерин чечүү жөнүндө маалыматтын айкындуулугу, толуктугу жана ишенимдүүлүгү;
6) кыртышты коргоо жаатында чечимдерди кабыл алууда адистердин катышуусу;
7) кыртышка келтирилген зыян үчүн жоопкерчиликтин болбой койбосу.
Берененин тексти 06.07.2016 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
2-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203765/st-2" title="2-берене - Айыл чарба багытындагы жерлердин кыртышынын күрдүүлүгүн коргоо жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>