Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
1-берене. Негизги түшүнүктөр
Күчүндө · 06.07.2016 редакциясы
Ушул Мыйзамда терминдер алардын төмөнкү түшүнүктөрүндө жана мазмундарында пайдаланылат:
1) кыртыш - өсүмдүктөрдүн жана жаныбарлардын жашоосун, адамдын жашоо турмушун жана ишмердигин камсыз кылуу үчүн зарыл күрдүүлүккө, түзүмгө жана башка касиетке ээ минералдык жана органикалык заттардан, суудан, абадан, кыртыш организмдеринен жана алардын өсүп-өнүгүү азыктарынан турган, жердин табигый же чарбалык жана башка иштердин натыйжасында өзгөрүлгөн үстүнкү катмары;
2) кыртышты коргоо - кыртышты сарамжалдуу пайдалануу боюнча, ошондой эле алардын кери кетүүсүн алдын алуу жана жаратылыштык жана технотектүү мүнөздөгү терс таасирлерден сактоо боюнча укуктук, уюштуруучулук, экономикалык жана башка чаралардын комплекси;
3) кыртыштын абалы - кыртыштын курамын, түзүлүшүн жана касиетин мүнөздөөчү көрсөткүчтөрдүн жыйындысы;
4) кыртыштын сапаты - адамдын, өсүмдүктөрдүн жана жаныбарлардын жашоосу үчүн жагымдуу чөйрөнү камсыз кылууда кыртыштын мүнөзүн жана катышын аныктоочу кыртыш касиеттеринин жыйындысы;
5) кыртыштын күрдүү катмары - кыртыштын өсүмдүктүн өсүшү үчүн жагымдуу касиеттерге ээ болгон үстүнкү катмары;
6) сейрек кыртыш - уникалдуу жаратылыштык-климаттык шарттарда калыптанган жана өзгөчө жаратылышты сактоочу, илимий жана башка баалуу касиетке ээ кыртыш;
7) жок болуп кетүү коркунучунда турган кыртыш - өз касиетин жогото баштаган же табигый жаратылыш объектиси катары жок болуп бараткан кыртыш;
8) кыртыштын сапат ченемдери - кыртыштын түзүлүшүн жана касиетин мүнөздөөчү көрсөткүчтөр, мында ал өзүнүн күрдүүлүгүн сактап турат;
9) кыртышка жол берилген таасир этүүлөр - кыртышка жол берилген антропогендик оордуктан ашпаган, аларда кыртыштын сапатынын ченемдери сакталып калган чарбалык иштин жана кыртышты пайдалануунун башка түрлөрүнүн таасири этүү көрсөткүчтөрү;
10) кыртышка антропогендик оордуктун жол берилген ченемдери күрдүүлүк сапатын жана деңгээлин сактоо менен, кыртыш өзүнүн табигый кызматын аткаруу кудуретин камсыз кылуучу чарбалык иштердин жана кыртышты пайдалануунун башка түрлөрүнүн комплекстүү таасир этүү көрсөткүчтөрү;
11) кыртышты булгоо - жаратылыш чөйрөсүнүн башка компененттерине жана бүтүндөй курчап турган чөйрөгө терс таасирин тийгизүүчү, кыртыштын сапатын начарлатуучу зыяндуу химиялык, радиоактивдүү заттардын жана микроорганизмдердин кыртышка келип түшүүсү жана топтолуусу;
12) кыртыштын кери кетүүсү - кыртыштын булганышына, сазданышына, шорлонушуна жана башка терс таасирлерден өзгөрүшүнө өбөлгө түзгөн, кыртыштын күрдүүлүгүнүн төмөндөшү жана бузулушу менен мүнөздөлгөн кыртыштын түзүмүнүн жана курамынын начарлашы;
13) кыртыштын арыкташы - анын күрдүүлүгүнүн төмөндөшүнө жана кери кетүүсүнө алып келүүчү азыктандыруучу заттардын азайышы менен мүнөздөлгөн кыртыштын түзүмүнүн жана касиетинин өзгөрүшү;
14) кыртыштын бузулушу - кыртыштын курамынын жарым-жартылай же толук бузулушу, күч колдонуп (механикалык) жок кылынышы;
15) кыртышты калыбына келтирүү - кыртыштын табигый түзүмүн, сапатын, күрдүүлүгүн жана анын касиетин калыбына келтирүүгө багытталган чараларды көрүү.
Берененин тексти 06.07.2016 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 19-мартындагы № 135 "Айыл чарба багытындагы жерлердин кыртышынын күрдүүлүгүн коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына…Постановление · 19.03.2019 · № 135 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203765/st-1" title="1-берене - Айыл чарба багытындагы жерлердин кыртышынын күрдүүлүгүн коргоо жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>