18-берене. Кыртышты саздануудан жана шорлонуудан коргоого карата талаптар
Күчүндө · 06.07.2016 редакциясы
1. Кыртышты саздануудан жана шорлонуудан коргоо үчүн жер ээси тарабынан кыртышты изилдөөгө байланышкан иштер жүргүзүлөт.
2. Кыртышты саздануудан жана шорлонуудан коргоо максатында жер ээси агротехникалык, мелиорациялык жана башка иш-чаралар каралган ички чарбалык жер курулуш долбоорлорун иштеп чыгышы мүмкүн.
3. Кыртышты изилдөөнүн натыйжаларын эске алуу менен, кыртышты саздануудан жана шорлонуудан сактоо үчүн төмөнкүдөй иш-чаралар каралат:
1) кургатуучу каналдарды жана дренаждык тутумдарды жер астындагы сууларды агызуу долбоор менен аныкталган деңгээлине чейин тазалоо;
2) шорлонгон жерлерди жууп-тазалоо;
3) сууну пайдалануу планына ылайык жана айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түрлөрүн эсепке алуу менен сугаруу нормаларын сактоо;
4) ушул Мыйзамдын нормаларына жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жерди саздануудан жана шорлонуудан коргоого өбөлгө болуучу башка агротехникалык жана мелиорациялык иштерди жүзөгө ашыруу.
4. Кыртышты саздануудан жана шорлонуудан коргоо боюнча чараларды жүргүзүү жана талаптарды ишке ашыруу үчүн жоопкерчилик менчик ээсине жүктөлөт.
5. Кыртышты калыбына келтирүү боюнча чараларды көрбөө жер участогун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык сот тартибинде алып коюу үчүн бирден бир факторлордон болуп саналат. Жер участогуна укуктарды токтотуу күнөөлүү адамдарды кыртышка келтирген зыяндын ордун толтуруудан бошотпойт.
Берененин тексти 06.07.2016 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
18-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203765/st-18" title="18-берене - Айыл чарба багытындагы жерлердин кыртышынын күрдүүлүгүн коргоо жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>