8-берене. Материалдык эмес маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу ишине илимий мекемелердин, окуу жайларынын жана музейлердин, архив мекемелерин коомдук уюмдардын жана бирикмелердин, ишканалардын жана жарандардын катышуусу
Күчүндө · 03.11.2017 редакциясы
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы, илимий мекемелер, окуу жайлары жана музейлер:
1) маданий мурасты иликтөө, изилдөө жаатында өзүнүн эсебинен, тартылган каражаттардын эсебинен илимий иштерди жүргүзөт;
2) материалдык эмес маданий мурастын элементтеринин илимий баалуулугун белгилөө боюнча эксперт катары иш жүргүзүшөт;
3) өздөрүнүн илимий изилдөө пландарында жана окуу программаларында материалдык эмес маданий мурасты коргоо жана пайдалануу маселелерин иликтөөнү жана окутууну карашат.
2. Коомдук уюмдар жана бирикмелер, архив мекемелерин ар түрдүү менчиктеги ишканалар жана жарандар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, ошондой эле өздөрүнүн уставдарына жана жоболоруна ылайык:
1) мамлекеттик органдарга жана илимий мекемелерге, жергиликтүү бийлик органдарына материалдык эмес маданий мурасты иликтөө, коргоо жана пайдалануу боюнча көмөктөшөт;
2) тарыхый жана маданий объектилердин сакталып турушу жана пайдаланылышы үчүн коомдук контролду жана көзөмөлгө алууну уюштурат;
3) калк арасында түшүндүрүү жана пропагандалоо иштерин жүргүзөт.
Берененин тексти 03.11.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
8-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203763/st-8" title="8-берене - Кыргыз Республикасынын материалдык эмес маданий мурасы жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>