7-берене. Материалдык эмес маданий мурастар чөйрөсүндөгү мамлекеттик бийлик органдарынын ыйгарым укуктары
Күчүндө · 03.11.2017 редакциясы
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
1) ушул Мыйзамда жана Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарында белгиленген шарттарга ылайык өзүнүн мекемелери аркылуу материалдык эмес маданий мурастардын сактоону жана пайдаланууну кепилдикке алат жана камсыз кылат;
2) материалдык эмес маданий мурастардын сактоо жана пайдалануу боюнча мамлекеттик саясатты жүзөгө ашырууну камсыз кылат, бул тармактагы улуттук стратегияны жана аларды мамлекеттик бюджеттен каржылоону бекитет;
3) материалдык эмес маданий мурастарды сактоо жана пайдалануу боюнча мамлекеттик саясатты жүзөгө ашырууну камсыз кылат, материалдык эмес маданий мурастарды сактоо боюнча нормативдик базаларды, иш чаралардын жана мамлекеттик программалардын пландарын бекитет.
4) Улуттук тизмекти жана материалдык эмес маданий мурастардын элементтеринин классификациясы жөнүндө жобону бекитет.
2. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган:
1) материалдык эмес маданий мурастардын элементтерин сактоо жана өнүктүрүү боюнча шарт түзөт жана чара көрөт;
2) материалдык эмес маданий мурастардын элементтерин кайрадан жаратуу, сактоо, пайдалануу жана жайылтууга багытталган республикалык максаттуу программаларды иштеп чыгат жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн бекитүүсүнө сунуш кылат;
3) Кыргыз Республикасынын материалдык эмес маданий мурастарынын элементтерин издеп табууну, эсепке алууну, коргоону жана пайдалануу эрежесин сактоону камсыз кылат;
4) материалдык эмес маданий мурастардын ар түрдүү элементтерин идентификациялоону жана аныктоону ишке ашырат;
5) материалдык эмес маданий мурастардын элементтеринин абалына мониторинг жүргүзөт:
6) коомчулуктун кабардар болуусун жана маалымат алуусун жогорулатууну, коомдо материалдык эмес маданий мурастын маанисин көтөрүүгө багытталган жалпы саясатты таанууну, сыйлоону жана кабыл алууну камсыз кылат;
7) жок болуп кетүү коркунучу алдында турган материалдык эмес маданий мурас чөйрөсүндөгү илимий, техникалык жана искусство таануу изилдөөлөрүнө көмөктөшөт;
8) материалдык эмес маданий мурастын элементтерин Улуттук тизмекке киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө сунуш киргизет;
9) Улуттук тизмекти жүргүзүүнү ишке ашырат;
10) Материалдык эмес маданий мурастын элементтерин сактоо жана пайдалануу чөйрөсүндө эл аралык кызматташтыкты ишке ашырат;
11) материалдык эмес маданий мурастын элементтерин сактоо жана пайдалануу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын сакталышына, материалдык эмес маданий мурастын элементтерин кайра түзүүгө, пайдаланууга жана күтүү тартибине мамлекеттик контролду жүргүзөт;
12) Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте элдик маданияттын материалдык жана руханий салттарынын "Чеберин - алып жүрүүчүсү" деген ардактуу титулду ыйгарууну ишке ашырат;
13) Кыргыз Республикасынын материалдык эмес маданий мурасын сактоо жана пайдалануу чөйрөсүндөгү башка ыйгарым укуктарды ишке ашырат.
3. Жергиликтүү бийлик органдары өздөрүнүн аймактарында:
1) материалдык эмес маданий мурасты коргоо жана пайдалануу тууралуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын сакталышын камсыз кылат;
2) жергиликтүү маанидеги материалдык эмес маданий мурастын элементтерин үйрөнүүнү, эсепке алууну жана коргоону уюштуруу жана аларды каржылоо боюнча экономикалык жана социалдык өнүгүүнүн пландарында иш-чараларды карайт;
3) материалдык эмес маданий мурастардын элементтерин иликтөө, коргоо жана пропагандалоо боюнча иш-чараларды өткөрүүгө тийиштүү профилдеги илимий мекемелерди жана коомчулукту тартат;
4) мамлекеттик ыйгарым укуктуу органдар менен макулдашуу аркылуу бардык категориядагы материалдык эмес маданий мурастын элементтерин табуу, иликтөө, эсепке алуу, коргоо жана пайдалануу боюнча иш-чаралардын аткарылышын камсыз кылат;
5) табылган материалдык эмес маданий мурастын элементтерин Улуттук тизмекке киргизүү үчүн мамлекеттик ыйгарым укуктуу органдар аркылуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн бекитүүсүнө сунуш кылат;
6) мамлекеттик ыйгарым укуктуу органдын жана башка кызыкдар уюмдардын жана жарандардын сунуштары боюнча материалдык эмес маданий мурастын элементтери үчүн коркунуч келтирген иштерди токтото туруу, ошондой эле тыюу салуу жөнүндө маселелерди чечет;
7) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат.
Берененин тексти 03.11.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
7-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (5)
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 5-августундагы № 557 "Кыргыз Республикасынын материалдык эмес маданий мурасынын элементтеринин классификациясы жөнүндө жобону жана Кыргыз Республикасынын…Постановление · 05.08.2015 · № 557
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 6-сентябрындагы № 453 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 5-августундагы № 557 "Кыргыз Республикасынын материалдык эмес маданий мурасынын…Постановление · 06.09.2019 · № 453
- КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 16-апрелиндеги № 149 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 5-августундагы № 557 "Кыргыз Республикасынын материалдык эмес маданий мурасынын…Постановление · 16.04.2021 · № 149
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын 2024-жылдын 3-июнундагы № 299 ("Маданият жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү функцияларды жана ыйгарым…Распоряжение · 03.06.2024 · № 299
- КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 16-апрелиндеги № 149 токтомуПостановление · 16.04.2021 · № 149
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203763/st-7" title="7-берене - Кыргыз Республикасынын материалдык эмес маданий мурасы жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>