14-берене. Банктын ишин чектөө
Күчүндө · 05.10.2023 редакциясы · 3-глава
Банкка төмөнкүлөргө тыюу салынат:
1) Банк тарабынан каржылоо үчүн тандалып алынган долбоорлорду ишке ашырууга катышуучу банктардан, лизинг берүүчү уюмдардан жана юридикалык жактардан бөлөк жеке жана юридикалык жактарга кредит берүүгө;
2) депозиттерди тартууга, жеке жактарга эсептерди ачууга;
3) зайымдарды аларды кайтарып алууну камсыздабай туруп берүүгө;
4) мурда алар тарабынан тартылган зайымдар боюнча милдеттенмелеринин мөөнөтү өтүп кеткен (бир жылдан ашык) учурда кошумча тышкы жана ички карыз берүүгө;
5) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине, мамлекеттик башка органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына кредит берүүгө;
6) мамлекеттик бийлик органдарына, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, ошондой эле чарбакер субъекттерге ар кандай формада финансылык жардам берүүгө;
7) республикалык бюджет жөнүндө мыйзамга ылайык каржылоону кошпогондо мамлекеттик булактардан каржылоону тартууга.
(КР 2022-жылдын 5-декабрындагы N 115 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 05.10.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
14-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203761/st-14" title="14-берене - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>