4-берене. Ушул Мыйзамда колдонулган терминдер
Күчүн жоготкон · 19.05.2017 редакциясы · 1-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 19 мая 2018 года № 49.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 24 мая 2014 года № 77
Бонус - Кыргыз Республикасынын Салык кодексине ылайык жер казынасын пайдалануу укугу үчүн төлөнүүчү салык. Калыбына келүүчү пайдалуу кен чыккан жерлер - аларды иштетүүдө табигый жолдор менен калыбына келүүчү дарыя нугундагы кум-шагыл жаткан жерлер. Иргеп иштетүү - жер казынасынын калган запастарындагы өнөр жайлык баалуулуктарды төмөндөтүү менен жер казынасынан кыйла байымдуу запастарды иргеп алуу аркылуу техникалык долбоордун бузулушу. Жер укугунун ээлери - жер бөлүндүлөрүн берүү укугу ыйгарылган жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун органдары, жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана жердин ээлери. Жер казынасы жөнүндө геологиялык маалыматтар - жер казынасынын геологиялык түзүлүшү жана өнүгүү тарыхы, курамы, тоо породалары, жер алдындагы суулар, пайдалуу казып алынуучу кендер жана башка геологиялык түзүлүштөр жөнүндө, геофизикалык жана геохимиялык талаалар тууралуу, ошондой эле жер казынасын иликтөөнүн жана пайдалануунун жолдору жана натыйжалары жөнүндө, алынган минералдык чийки заттар тууралуу геологиялык отчеттордо, карталарда, сынамдарда, сыноо протоколдорунда жана башка материалдарда камтылган геологиялык, тоо-кен - техникалык, технологиялык, экономикалык маалыматтар (көрсөткүчтөр). Геологиялык маалымат ресурстары - жер казынасы жөнүндө геологиялык жана башка маалыматтарды камтыган документтер, ошондой эле аларды пайдалануу менен түзүлгөн маалымат продукттары. Геологиялык бөлүндү - жер казынасын геологиялык изилдөө үчүн берилүүчү жана графикалык документте анын бурчтук чекиттери менен координаттардын тик бурчтуу системасында аныкталган жер казынасынын участогу. Жер казынасын геологиялык иликтөө - геологиялык-издөө, геологиялык чалгындоо, регионалдык геологиялык-тартып алуу, геологиялык, геофизикалык жана башка иштердин түрлөрүн жүргүзүү. Геологиялык издөө иштери - регионалдык, жалпы жана дыкаттык издөөнү, ошондой эле пайдалуу казындылардын көрүнүштөрүн жана кендерин алардын божомолдонгон ресурстарын баалоо жана аларда геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүнүн максатка ылайыктуулугун баалоо менен ачууга багытталган издөөчү-баалоочу иштерди камтыган геологиялык изилдөөлөр. Геологиялык чалгындоо иштери - пайдалуу кендерди, анын ичинде жер астындагы сууларды жана жылуулук ресурстарын алдын ала жана дыкаттык менен чалгындоо стадияларын камтыган, пайдалуу кендердин санын жана сапатын, алардын технологиялык касиеттерин, геологиялык, тоо техникалык, гидрогеологиялык жана пайдалуу кендердин запастарын эсепке алуучу иштетүүнүн башка шарттарын аныктоо менен аларды изилдөө жана иштетүүгө даярдоо максатындагы геологиялык изилдөөлөр. Тоо-кен мүлкү - жер казынасын пайдалануучу тарабынан түзөлгөн же сатып алынган жер, тоо кен же геологиялык бөлүндүлөрүнүн чегинде жер казынасын пайдаланууну камсыз кылуучу кыймылсыз мүлк. Тоо-кен бөлүндүсү - тереңдиги тиешелүү пайдалуу кендердин тереңдиги менен аныкталып пайдалуу кендерди иштетүү үчүн берилген жана графикалык документте анын бурчтук чекиттери менен координаттардын тик бурчтуу үч ченем системасында аныкталган жер казынасынын участогу, ошондой эле пайдалуу кендерди иштетүү менен байланышпаган объекттерди жайгаштыруу үчүн берилүүчү жер казынасынын участогу. Пайдалуу кендердин тобу - белгилеринин жалпылыгы менен бириктирилген пайдалуу кендердин түрлөрү. Ушул Мыйзамдын максаттары үчүн пайдалуу кендер төмөнкү топторго бөлүштүрүлгөн: 1-топ. Мунай жана күйүүчү газдар:
- мунай жана газ;
2-топ. Катуу күйүүчү кендер:
- көмүр жана күйүүчү сланецтер;
- чым көң;
3-топ. Рудалуу пайдалуу кендер:
- кара металлдар;
- түстүү металлдар;
- асыл металлдар;
- сейрек металлдар;
- сейрек жер элементтери;
- радиоактивдүү элементтер;
4-топ. Руда эмес пайдалуу кендер жана курулуш материалдары:
- карбонаттык чийки зат;
- кыш-черепица чийки заты;
- инерттүү материалдар;
- гипс;
- жеңил толтургучтарды өндүрүү үчүн чийки зат;
- беттелүүчү материалдар жана курулуш таштары;
5-топ. Жасалгалоо жана асыл таштары:
- түстүү таш чийки заты;
- асыл таштар;
6-топ. Тоо-кен химиялык чийки зат:
- агрохимиялык чийки зат;
- техникалык чийки зат;
7-топ. Жер астындагы тузсуз жана минералдуу суулар; 8-топ. Асыл металлдардын чачыранды кендери. Пайдалуу кендерди казып алуу - пайдалуу кендерди жер казынасынан чыгарып алуу. Баланстан тышкары запастар - эсепке алуу учурунда иштетүү үчүн экономикалык жактан максатка ылайыксыз катары Кыргыз Республикасынын пайдалуу кендеринин мамлекеттик балансында эсепке алынган пайдалуу кендердин запастары. Жер казынасын пайдалануу үчүн берилүүчү жерлер - жер казынасын пайдалануучуга пайдалуу кендерди иштетүү жана инфратүзүм объекттерин куруу (жолдор, кампалар, уулу заттар көмүлгөн жайлар, ЛЭП, вахталык поселок жана башка) үчүн берилген жана графикалык документте анын бурчтук чекиттери менен координаттардын тик бурчтуу системасында аныкталган жер участоктору. Пайдалуу кен чыккан жерлердин Мамлекеттик резервинин жер участогу - графикалык документте анын бурчтук чекиттери менен координаттардын тик бурчтуу системасында белгиленген Кыргыз Республикасынын пайдалуу кендеринин запастарынын мамлекеттик балансында эсепке алынган пайдалуу кен чыккан жерлер белгиленген жер бетинин участогу. Казуу тармактарынын ачыктык демилгеси (мындан ары - КТАД) - компаниялардын төлөмдөрүн жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан алынуучу кирешелердин салыштыруу жүргүзүүнү караган өнөр жайдын казып алуучу тармактарынын ишинен кирешелердин ачыктыгын камсыз кылууга жана кеңири коомчулукка үзгүлтүксүз маалымдоого өбөлгө болуучу глобалдык эл аралык стандарт. Консервация - токтотулган иштерин улантуу мүмкүнчүлүгүн сактоо менен геологиялык-издөө, геологиялык чалгындоо иштерин жана (же) пайдалуу кен чыккан жерлерди иштетүүнү жана (же) тоо кен жана башка мүлктү куруу жана эксплуатациялоо менен байланышкан иштерин убактылуу токтотуу. Концессиялык келишим - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана (же) жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен жер казынасын пайдалануучунун ортосундагы концессиялык келишимдин негизинде жер казынасын пайдалануу укугунун формасы, мында жер казынасын пайдалануучуга жер казынасын геологиялык изилдөөгө жана (же) пайдалуу кендерди иштетүүгө концессиялык келишимде аныкталган шарттарда өзгөчө укук берилет. Тоо-кен мүлкүн жоюу - жер казынасын пайдалануу токтотулганда жүргүзүлүүчү жана мүлктү андан ары пайдалануунун мүмкүнчүлүгүн жокко чыгаруучу, ошондой эле калктын өмүрүн жана ден-соолугун, жер казынасын жана айлана чөйрөнү коргоону камсыз кылуучу иш-чаралардын комплекси. Лицензиат - жер казынасын пайдалануу укугуна лицензиясы бар жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык катталган жеке же юридикалык жак. Лицензиялык аянт - жер казынасын пайдалануу укугуна лицензия берилген жана графикалык документте анын бурчтук чекиттери менен координаттардын тик бурчтуу системасында белгиленген, жер казынасынын участогуна туура келген жер бетинин участогу: лицензиялык аянттын чени квадраттык километр же гектар менен ченелет. Лицензиялык төлөмдөр - ушул Мыйзамга жана "Салыктык эмес төлөмдөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны кармоо үчүн лицензиат тарабынан төлөнүүчү төлөм. Лицензиялык объект - пайдалуу кен чыккан жерлерди, алардын көрүнүшүн, келечектүү геологиялык аянтты же пайдалуу кендерди иштетүү менен байланышпаган объектти камтыган жана графикалык документте анын бурчтук чекиттери менен координаттардын тик бурчтуу системасында белгиленген жер казынасынын участогу. Лицензиялык орган (лицензиар) - жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган. Лицензиялык пакет - жер казынасын пайдалануу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан белгиленген лицензиялык объект жөнүндө геологиялык маалымат ресурстарынын тизмеси. Лицензиялык макулдашуу - жер казынасынын объекттин пайдалануунун шарттары аныкталган лицензиар менен лицензиаттын ортосундагы келишим. Лицензиялык макулдашуу лицензиянын ажырагыс тиркемеси болуп саналат. Жер казынасын пайдалануудагы объекттин лицензиялык номери - Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген тартипте берилүүчү, Кыргыз Республикасынын аймагындагы лицензиялык объекттин уникалдуу номери, жана ошол лицензияланган объект катталган укуктун бирдиктүү объектиси катары турган учурда ал үчүн сакталат. Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензия - ушул Мыйзамга ылайык лицензиялык орган тарабынан берилүүчү жер казынасынын участогун пайдалануу укугун күбөлөндүргөн документ. Пайдалуу кен чыккан жерлер - бул аларды иштетүү өнөр жайлык максатка ылайыктуу болгон, бааланган пайдалуу кендерди камтыган жер казынасынын участогу. Жер казынасынын бүтүндүгүн бузуу - тоо кен казмаларынан: коодон, траншеялардан, штольнялардан, шахта өзөктөрүнөн, тоннелдерден өтүү; көзөнөктү бургулоо, ошондой эле пайдалуу кен чыккан жерлерди иштетүү менен байланышпаган максатта жер астындагы курулуштарды куруу менен жер казынасын пайдалануу. Жер казынасы - жер кыртышынан төмөн, ал жок болгон учурда - жер үстүнөн жана көлмөлөрдүн жана агын суулардын түбүнөн геологиялык изилдөө жана өздөштүрүү үчүн, пайдалуу казындылардын чачылма көрүнүштөрүн кошкондо, мүмкүн болгон тереңдиктерге чейинки жер катмарынын бөлүгү. Пайдалуу кендерди (көрүнүштөрүн) ачуу - пайдалуу кендердин топтолушунун табылыш фактысы. Пайдалуу кендер же алардын көрүнүшү Кыргыз Республикасынын пайдалуу кендеринин жана көрүнүштөрүнүн Мамлекеттик кадастрында катталган учурдан баштап ачылды деп эсептелинет: пайдалуу кендердин биринчи ачуучулары жөнүндөгү жобо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет. Жер казынасын коргоо - Кыргыз Республикасынын тиешелүү мыйзамдарында белгиленген жер казынасын сарамжалдуу пайдаланууну камсыз кылуу боюнча чаралардын комплекси. Геологиялык маалыматтардын пакети - жер казынасынын дайындуу обьекти боюнча кагаз жана (же) электрондук алып жүрүүчүлөрдө жазып коюлган геологиялык, тоо техникалык, технологиялык жана башка маалыматтардын жыйындысы. Геологиялык изилдөөлөрдүн алгачкы материалдары - көзөнөктү бургулоонун керни, мунайзаттын, суунун, газдын сынамыктары, таш материалдарынын үлгүлөрү, ар түрдүү максаттагы коллекциялар, сынамыктын дубликаттары, шлифтер жана башкалар менен көрсөтүлгөн табигый алып жүрүүчүлөрдөгү маалымат (зат маалыматы); талаадагы байкоо журналын жана документтерди, анын ичинде санариптик, сынамык журналдарын, сынак анализдеринин жыйынтыктарын, геофизикалык байкоо жазууларын жана башка ошондой материалдарды кошуп алганда, жасалма (кагаз, магнит жана башка) алып жүрүүчүлөрдөгү маалымат. Келечектүү геологиялык аянт - геологиялык өзгөчөлүктөрү жана пайдалуу кендерди жана анын көрүнүштөрүн табууга белгилери боюнча келечектүү жер казынасынын участогу. Пайдалуу кендер - химиялык жана физикалык касиеттери аларды табигый түрүндө же кайра иштетилгенден кийин материалдык өндүрүш жана колдонуу чөйрөсүндө пайдаланууга мүмкүнчүлүк берген жер казынасындагы, анын ичинде көмүр суутектерин жана жер астындагы сууларды кошкондо, табигый минералдык түзүлүштөр. Жер казынасынын пайдаланылышы (жер казынасын пайдалануу) - техногендик түзүлүштөрдөн пайдалуу кендерди чыгарып алуу боюнча иштерди кошкондо, жер казынасынын белгилүү бир участогун пайдалануу. Жер казынасын пайдаланган (жер казынасын пайдалануучу) - жер казынасын пайдаланууга укуктуу жеке же юридикалык жак. Жер казынасын пайдалануу укугун токтотуу - жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечиминин негизинде лицензияны алып коюу (жокко чыгаруу). Жер казынасын пайдалануу укугун токтото туруу - тоо-кен мүлкүн сакталган, бузулбаган абалда, адамдар жана айлана чөйрө үчүн коопсуз абалда кармап туруу боюнча иштерди кошпогондо, жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жер казынасын пайдаланууну убактылуу токтотуу жөнүндөгү чечими. Пайдалуу кендердин көрүнүштөрү - белгиленген тартипте кен деп эсептелбеген жер казынасындагы пайдалуу кендердин (жер астындагы сууларды кошкондо) табигый топтолуусу. Пайдалуу кендерди иштетүү - жер казынасынан пайдалуу кендерди чыгарып алуу жана кайра иштетүү боюнча пайдалуу кен чыккан жерлердеги иштер. Рекультивация - бузулган жерлердин түшүмдүүлүгүн жана эл чарбалык маанисин калыбына келтирүүгө багытталган иш-чаралардын комплекси. Роялти - Кыргыз Республикасынын Салык кодексине ылайык жер казынасын пайдалануу үчүн төлөнүүчү салык. Сервитут - жер, тоо-кен жана (же) геологиялык бөлүндүлөргө жетүү укугу жана (же) аны чектөө. Продукцияны бөлүштүрүү жөнүндө макулдашуу - макулдашуу, ага ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жер казынасын пайдалануучуга пайдалуу кендерди иштетүүгө белгиленген мөөнөткө өзгөчө укук берет, ал эми жер казынасын пайдалануучу аталган иштерди өзүнүн эсебинен жана өзү тобокелге салып жүргүзүүгө милдеттенет. Продукцияны бөлүштүрүү жөнүндө макулдашуу жер казынасын пайдалануунун бардык шарттарын, чыгарылган продукцияны макулдашуунун тараптарынын ортосунда бөлүштүрүүнүн шарттарын жана тартибин, ошондой эле продукцияны бөлүштүрүү жөнүндө макулдашуу тууралуу Кыргыз Республикасынын мыйзамында белгиленген башка шарттарды аныктайт. Социалдык пакет - бул жалпы мамлекеттик маанидеги жер казынасынын обьекти жайгашкан аймактагы региондун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө көмөктөшүү жөнүндө жер казынасын пайдалануучу менен аткаруу органынын ортосундагы макулдашуу, ал жергиликтүү коомчулуктун социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын негизинде даярдалат. Техникалык - экономикалык негиздеме (ТЭН) - пайдалуу кендерди иштетүүнүн экономикалык максаттуулугун негиздөө үчүн техникалык-экономикалык эсептөөлөр. Техникалык долбоор - пайдалуу кендерди геологиялык изилдөө жана (же) өнөр жайлык өздөштүрүү үчүн зарыл болгон, тоо-кен долбоорунун геологиялык, тоо-кен, технологиялык (байытуу жана (же) металлургиялык), каржы-экономикалык бөлүктөрүн жана бузулган жер бөлүктөрүн рекультивациялоону камтыган аналитикалык жана графикалык дыкат (жумушчу) документ. Техногендик түзүлүштөр - пайдалуу кендерди иштетүүнүн калдыктары. Жер казынасынын бөлүгү - жер казынасынын мейкиндик чектери бар геометрияланган бөлүгү. Форс-мажор - жер казынасын пайдалануу укугунун шарттарын аткарууну татаалдаштыруучу, токтото алгыс күчтөр жараткан жагдай. Токтото алгыс күчтөр - жер титирөө, суу ташкыны же курчоо, согуш, иш таштоо жана алдын ала айтууга же болтурбай коюуга мүмкүн эмес, же алдын ала айтуу мүмкүн, бирок болтурбай коюуга мүмкүн эмес башка жагдайлар сыяктуу өзгөчө жана болтурбай коюуга мүмкүн эмес жагдайлардын пайда болушу. Көрсөтүлгөн жагдайлар жалпыга белгилүү фактылардын, жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялоонун жана атайын далил каражатына муктаж эмес башка жагдайлардын бар экендиги менен аныкталат. Экономикалык (баланстык) запастар - иштетүү үчүн экономикалык жактан максатка ылайыктуу Кыргыз Республикасынын пайдалуу кендеринин запастарынын Мамлекеттик балансында эсепке алынган пайдалуу кендердин запастары. (КР 2014-жылдын 24-майындагы № 77 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 19.05.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
4-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (2)
- Салык кодексиКодекс · 17.10.2008 · № 230 · Күчүн жоготкон
- Бейсалык төлөмдөрЗакон · 14.04.1994 · № 1480-XII · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203760/st-4" title="4-берене - Жер казынасы жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>