35-берене. Пайдалуу кен чыккан жерлерди иштетүү үчүн жер казынасын пайдалануу укугуна лицензия
Күчүн жоготкон · 19.05.2017 редакциясы · 4-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 19 мая 2018 года № 49.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 24 мая 2014 года № 77
Пайдалуу кен чыккан жерлерди иштетүү үчүн жер казынасын пайдалануу укугуна лицензия лицензиатка төмөнкүдөй өзгөчө укуктарды берет:
1) пайдалуу кендердин табыштама берилген түрлөрүнө тоо-кен бөлүндүсүнүн чегинде жер казынасын геологиялык изилдөөгө;
2) тоо-кен бөлүндүсүнүн чегинде, бардык керектүү даярдоо иштерин жүргүзүүнү кошуп алганда, пайдалуу кендерди иштетүүгө;
3) байытууну жана металлургияны, техногендик түзүлүштөрдү, металлургиялык өндүрүштүн калдыктарын пайдаланууну кошкондо, пайдалуу кендерди кайра иштетүүгө;
4) пайдалуу кендерди жана аларды кайра иштетүү продукцияларын экспорттоону кошкондо, сатууга.
2. Пайдалуу кен чыккан жерлерди иштетүү максатында жер казынасын пайдалануу укугуна лицензия Кыргыз Республикасынын Пайдалуу кендеринин мамлекеттик балансында запастары эсепке алынган лицензиялык объекттерге берилет.
3. Тоо-кен казып алуу ишканасын долбоорлоонун жана куруунун убагында лицензиялык төлөмдөр лицензиялык аянттын гектарына эсептик көрсөткүчкө эселенип белгиленет. Долбоордо көрсөтүлгөн кубаттуулукка чыккандан кийин лицензиялык төлөмдөр төлөнбөйт.
4. Шашылыш учурларда, жээктерди бекитүү иштери үчүн өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу максатында өзгөчө кырдаал боюнча мамлекеттик органдын, жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын арыздары боюнча жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын уруксаты боюнча, жасалган иштер жөнүндө кабарлоо менен, жер казынасын пайдалануу укугуна лицензия албай инерттүү материалдарды иштетүүгө уруксат берилет.
5. Жер казынасын пайдалануучулар КГАД ишке ашыруунун алкагында отчеттук жылдан кийинки жылдын биринчи кварталы аяктаганга чейин ар жылдык негизде жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жер казынасын пайдалануучу кассалык негизде жүргүзгөн бардык отчетторду, салыктарды жана төлөөлөрдү берүүнү камсыз кылууга укуктуу. КТАД алкагында отчет берүүнүн тартиби, формалары жана индикаторлору Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ченемдик укуктук актыларында жөнгө салынат.
6. Асыл металлдарды жана кошо иргелип алынуучу металлдарды камтыган кенди, концентраттарды жана калдыктарды Кыргыз Республикасынын аймагынан чыгарып кетүүнүн жана Кыргыз Республикасынын аймагына алып кирүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.
(КР 2014-жылдын 24-майындагы № 77 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 19.05.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
35-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (3)
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 16-майындагы № 290 "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна…Постановление · 16.05.2017 · № 290
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 9-июлундагы № 475 "Кымбат баалуу металлдарды жана кошо иргелип алынуучу металлдарды камтыган руданы, концентраттарды жана калдыктарды Кыргыз…Постановление · 09.07.2015 · № 475 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 14-сентябрындагы № 570 токтомуПостановление · 14.09.2017 · № 570
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203760/st-35" title="35-берене - Жер казынасы жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>