Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кымбат баалуу металлдарды жана кошо иргелип алынуучу металлдарды камтыган руданы, концентраттарды жана калдыктарды Кыргыз Республикасынын аймагынан алып кетүүнүн жана Кыргыз Республикасынын аймагына алып кирүүнүн тартибин бекитүү жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 14 сентября 2017 года № 570 "О некоторых вопросах ведения операций с сырьевыми товарами, содержащими драгоценные металлы"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2017-09-14.
КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 14-сентябрындагы № 570 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY ТОКТОМ 2015-жылдын 9-июлу № 475 Кымбат баалуу металлдарды жана кошо иргелип алынуучу металлдарды камтыган руданы, концентраттарды жана калдыктарды Кыргыз Республикасынын аймагынан алып кетүүнүн жана Кыргыз Республикасынын аймагына алып кирүүнүн тартибин бекитүү жөнүндө (КР Ѳкмѳтγнγн 2016-жылдын 26-январы № 32 токтомдун редакциясына ылайык) "Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 35-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кымбат баалуу металлдарды жана кошо иргелип алынуучу металлдарды камтыган руданы, концентраттарды жана калдыктарды Кыргыз Республикасынын аймагынан алып кетүүнүн жана Кыргыз Республикасынын аймагына алып кирүүнүн тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 31-июлундагы № 439 "Кен казуучу жана кенди кайра иштетүүчү ишканалардын киреше салыгы боюнча отчётунун формасын, аны толтуруу тартибин жана Алтын камтыган рудадагы жана алтын камтыган концентраттагы алтындын наркын аныктоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
Жогоруда аталган токтом менен бекитилген "Алтын камтыган рудадагы жана алтын камтыган концентраттагы алтындын наркын аныктоо тартиби" жөнүндөгү жободо: 4-пункттун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Gt - кендин бир тоннасындагы алтындын орточо курамы ISO 17025:2009 аккредитациясына ээ болгон лабораториялардын маалыматтарынын негизинде аныкталат".
3. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги ушул токтом күчүнө кирген күндөн тартып эки айлык мөөнөттө ушул токтомдон келип чыгуучу ченемдик укуктук актылардын тиешелүү долбоорлорун иштеп чыксын жана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.
4. Ушул токтом расмий жарыяланган кγндѳн он беш кγн ѳткѳндѳн кийин кγчγнѳ кирет, бута 2016-жылдын 1-мартынан тартып кγчγнѳ кирγγчγ Инспектордук агенттиктердин эл аралык федерациясына мγчѳлγк боюнча сыноочу-инспекциялык компанияларга коюлуучу талаптарды караган ченемдер кирбейт.
(КР Ѳкмѳтγнγн 2016-жылдын 26-январы № 32 токтомдун редакциясына ылайык)
Премьер-министр
Т.А. Сариев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 6 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (6)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 14-сентябрындагы № 570 "Баалуу металлдарды камтыган сырьелук товарлар менен операцияларды жүргүзүүнүн айрым маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 14.09.2017 · № 570
- "Алтын камтыган рудадагы жана алтын камтыган концентраттагы алтындын наркын аныктоо тартиби жөнүндө" жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 31-июлундагы № 439 токтому…Положение · 31.07.2013 · № 439
- Кымбат баалуу металлдарды жана кошо иргелип алынуучу металлдарды камтыган руданы, концентраттарды жана калдыктарды Кыргыз Республикасынын аймагынан алып кетүүнүн жана Кыргыз…Порядок · 09.07.2015 · № 475 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2016 жылдын 26 январындагы № 32 токтомуПостановление · 26.01.2016 · № 32
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 14-сентябрындагы № 570 токтомуПостановление · 14.09.2017 · № 570
- КР Ѳкмѳтγнγн 2016-жылдын 26-январындагы № 32 "Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 9-июлундагы № 475 "Кымбат баалуу металлдарды жана кошо иргелип алынуучу металлдарды…Постановление · 26.01.2016 · № 32 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 14-сентябрындагы № 570 "Баалуу металлдарды камтыган сырьелук товарлар менен операцияларды жүргүзүүнүн айрым маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 14.09.2017 · № 570
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 31-июлундагы № 439 "Кен казуучу жана кенди кайра иштетүүчү ишканалардын киреше салыгы боюнча отчетунун формасын, аны толтуруу тартибин жана Алтын…Постановление · 31.07.2013 · № 439 · Күчүн жоготкон
- Жер казынасы жөнүндөЗакон · 09.08.2012 · № 160 · Күчүн жоготкон
4 ичинен 3 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.