1-берене
Күчүн жоготкон · 13.04.2017 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Кодекс КР от 13 апреля 2017 года № 58.
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1999-ж., № 2, 77-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. 5-статья төмөнкүдөй мазмундагы 2-бөлүк жана эскертүү менен толукталсын:
"Ушул статьянын эскертүүсүндө каралган учурларды кошпогондо, администрациялык жоопкерчиликке тартылып жаткан адам өзүнүн күнөөлүү эместигин далилдөөгө милдеттүү эмес. Эскертүү. Ушул статьянын экинчи бөлүгүнүн жобосу ушул Кодекстин 20-главасында каралган, фото- жана кино тартуу, видеожазуу функциялары бар автоматтык режимде иштеген сертификацияланган атайын контролдук-өлчөө техникалык каражаттары менен бул администрациялык укук бузуулар белгиленген учурда, транспорт каражаттарын пайдалануу менен жасалган администрациялык укук бузууларга жайылтылбайт.".
2. 23-статья төмөнкүдөй мазмундагы сүйлөм менен толукталсын: "Эгерде бул Кодекстин 20-главасында ушул глава менен белгиленген ченемдер жеке же юридикалык жакка гана карата колдонула тургандыгы каралбаса, мааниси боюнча бул ченемдер жеке жакка гана же юридикалык жакка гана таандык жана колдонулушу мүмкүн болгон учурларды кошпогондо, бул ченемдер жеке, ошондой эле юридикалык жакка карата бирдей өлчөмдө күчүндө болот.".
3. 28-статьяда:
2-пунктта "Жол кыймылынын эрежелерин билүүсүн текшерүү," деген сөздөр алып салынсын; 3-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "3. Администрациялык укук бузууну жасоонун куралы же анын түздөн-түз объектиси болуп саналган буюмдарды конфискациялоо, Жол кыймылынын эрежелерин билүүсүн текшерүү кошумча администрациялык жаза катары гана белгиленет жана колдонулат.".
4. 41-статья төмөнкүдөй мазмундагы 3-бөлүк менен толукталсын:
"Ушул Кодекстин 20-главасында каралган укук бузуулар табылган жана фото- жана кино тартуу, видеожазуу функциялары бар автоматтык режимде иштеген сертификацияланган атайын контролдук-өлчөө техникалык каражаттарды колдонуу катталган учурларда, администрациялык жаза өлчөмү ушул Кодекстин Өзгөчө бөлүгүнүн статьясында колдонулган санкциянын чегинен алда канча төмөн болгон администрациялык айып түрүндө дайындалат.".
5. 43-статья төмөнкүдөй мазмундагы 2-4-бөлүктөр менен толукталсын:
"Администрациялык жазаны берүүдө сот (судья), орган (кызмат адамы) жасалган администрациялык укук бузуунун мүнөзүнө жараша ушул статьянын биринчи бөлүгүнүн 6-пунктунда көрсөтүлгөн жагдайды оордотуучу эмес деп таанышы мүмкүн. Сот (судья), орган (кызмат адамы) администрациялык жазаны берүүдө ушул статьянын биринчи бөлүгүндө көрсөтүлбөгөн жагдайды оордотуучу деп тааный албайт. Бир администрациялык укук бузуунун белгиси катары ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган оордотуучу жагдай башка администрациялык жазаны дайындоодо кайрадан эске алынбайт.".
6. 46-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"46-статья. Администрациялык жазаны колдонуу мөөнөттөрү
Администрациялык жаза администрациялык укук бузуу жасалган күндөн тартып алты айдан кечиктирбестен; укук бузуу созулганда - ал табылган күндөн тартып алты айдан кечиктирбестен; ишканаларга, мекемелерге жана уюмдарга, ошондой эле юридикалык жакты түзбөстөн ишкердик менен алектенген адамдарга - ушул статьяда каралган учурларды кошпогондо, администрациялык укук бузуу табылган күндөн тартып бир жылдан кечиктирбестен жарандарга жана кызмат адамдарга колдонулушу мүмкүн. Ушул Кодекстин 20-главасында каралган жана фото- жана кино тартуу, видеожазуу функциялары бар автоматтык режимде иштеген сертификацияланган атайын контролдук-өлчөө техникалык каражаттарды колдонуу менен белгиленген укук бузуулар үчүн айып түрүндө администрациялык жаза жеке жана юридикалык жактарга карата администрациялык укук бузуу жасалган күндөн тартып беш жылдын ичинде колдонулушу мүмкүн. Укук бузуучунун аракеттеринде администрациялык укук бузуунун белгилери болгондо, жазык ишин козгоодон баш тарткан же жазык иши токтотулган учурда, администрациялык жаза жазык ишин козгоодон баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алынган же ал токтотулган күндөн тартып эки айдан кечиктирбестен берилиши мүмкүн. Эгерде ушул статьянын биринчи жана экинчи бөлүктөрүндө көрсөтүлгөн мөөнөттөр аяктаганга чейин адам жаңы администрациялык укук бузууну жасаса, администрациялык жазаны колдонуу мөөнөтүн эсептөө үзгүлтүккө учурайт. Мындай учурларда мөөнөттү эсептөө жаңы администрациялык укук бузуу табылган учурдан тартып башталат. Эгерде укук бузууну жасаган адам атайылап жашырынып жүрсө же ага карата администрациялык жаза аткарылбаган болсо, администрациялык жазаны колдонуу мөөнөтүн эсептөө үзгүлтүккө учурайт. Мындай учурларда мөөнөттү эсептөө укук бузууну жасаган адам табылган учурдан тартып башталат.".
7. Кодекс төмөнкүдөй мазмундагы 46-1-статья менен толукталсын:
"46-1-статья. Администрациялык жазаларды төлөө мөөнөттөрүн бузуу
Айып түрүндө берилген жазаны өз учурунда төлөбөгөндө, башкача айтканда, администрациялык айыпты салуу жөнүндө токтом тапшырылган күндөн тартып отуз күн өткөндөн кийин, ал эми токтомго даттанылган учурда даттанууну же сунушту калтыруу жөнүндө билдирилген күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин ушул Кодекстин 20-главасында каралган администрациялык укук бузууну жасаган, жол кыймылынын коопсуздугунун жана транспорт каражаттарын пайдалануунун эрежелерине шек келтирген адам айыптан тышкары, акчалай суммада көрсөтүлгөн туумду (үстөк пулду) төлөйт. Ушул Кодекстин 20-главасында каралган укук бузуу боюнча тиешелүү токтом чыгарылган күндөн тартып бир жылдын ичинде администрациялык айыпты төлөөдөн баш тартканда сот айыпты транспорт каражаттарын айдоо укугунан ажыратуу түрүндөгү жаза же администрациялык камак менен алмаштыра алат. Эскертүү. Туум мөөнөтү өткөн ар бир күн үчүн мурда салынган айыптын суммасынын он пайызы өлчөмүндө аныкталат, бирок негизги айыптын суммасынын эки өлчөмүнөн ашпоого тийиш.".
8. 173-статьянын экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"эсептешүү көрсөткүчтүн үч өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.".
9. 212-статьяда:
1-бөлүгүнүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "эсептешүү көрсөткүчтүн үч өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет."; 2-бөлүгүнүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "эсептешүү көрсөткүчтүн беш өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.".
10. 213-статьянын 3-бөлүгүнүн экинчи абзацында "бештен онго чейинки" деген сөздөр "он өлчөмүндө" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
11. 217-статьянын экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"жарандарга - эсептешүү көрсөткүчтүн беш өлчөмүндө, кызмат адамдарына - жыйырма өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.".
12. 218-статьянын экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"жарандарга - эсептешүү көрсөткүчтүн үч өлчөмүндө, кызмат адамдарына - беш өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.".
13. 223-статьянын 2-бөлүгүнүн экинчи абзацында "0,5тен бир өлчөмүнө чейин" деген сөздөр "бир өлчөмүндө" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
14. 224-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"224-статья. Айдоочунун белгиленген тартипте катталбаган, аны пайдаланууга тыюу салгандан кийин, мамлекеттик каттоо номерлик белгиси жок, стандарттуу эмес, окулбаган, башка буюмдар менен атайылап жашырылган же жасалма мамлекеттик каттоо номерлик белгиси менен, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик желеги белгиленген жерде көзөнөгү же башкача бузулушу бар мамлекеттик каттоо номерлик белгиси менен транспорт каражатын айдоосу
Айдоочунун белгиленген тартипте катталбаган же пайдаланууга тыюу салгандан кийин транспорт каражатын айдоосу, - эсептешүү көрсөткүчтүн он өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет. Айдоочунун жүк ташуучу автомобилдердин, чиркегичтердин (жеңил автомобилдердин жана мотоциклдердин чиркегичтеринен тышкары) жана автобустардын (өзгөчө чакандарынан тышкары) арткы боорунда кайталаган мамлекеттик каттоо номерлик белгиси жок транспорт каражатын айдоосу - эсептешүү көрсөткүчтүн үч өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет. Айдоочунун мамлекеттик каттоо номерлик белгиси жок, стандарттуу эмес, окулбаган же башка буюмдар менен атайылап жашырылган транспорттук каражатты айдоосу - эсептешүү көрсөткүчтүн беш өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет. Айдоочунун жасалма мамлекеттик каттоо номерлик белгиси менен транспорт каражатын айдоосу - эсептешүү көрсөткүчтүн он өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет. Айдоочунун Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик желеги белгиленген жерде көзөнөгү же башкача бузулушу бар мамлекеттик каттоо номерлик белгиси менен транспорт каражатын айдоосу - эсептешүү көрсөткүчтүн үч өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет. Эскертүү. Техникалык нормалдаштыруу жана стандартташтыруу жаатында ченемдик укуктук актылардын милдеттүү талаптарына ылайык келбегенде мамлекеттик каттоо номерлик белгиси стандарттуу эмес деп, ал эми эгерде 20 метрден ашык аралыкта алдыңкы же арткы мамлекеттик каттоо номерлик белгисинин бир жана андан ашык тамгаларын же сандарын окуу камсыз кылынбаса, - окулбайт деп таанылат.".
15. 227-статьянын экинчи абзацында "экиден үчкө чейинки" деген сөздөр "үч эсептик" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
16. 228-статьянын 4-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Айдоочунун маңдайкы, алдыңкы эшиктеринин каптал айнектеринде күңүрттөөчү жапкычтар чапталган же пардалар тагылган, ошондой эле арткы каптал эшиктеринин айнегине жана арткы айнегине жалтыраган күңүрттөөчү жапкычтар чапталган транспорт каражатын айдоосу - транспорт каражатынын айдоочусу (ээси) бул буюмдарды (күңүрттөөчү пленкаларды, жапкычтарды, пардаларды) милдеттүү түрдө алып салуунун шарты менен эсептешүү көрсөткүчтүн он өлчөмүндө администрациялык айып салууга же транспорт каражатын башкаруу укугунан алты айлык мөөнөткө ажыратууга алып келет.".
17. 230-статьянын 1-бөлүгүнүн экинчи абзацында "бештен онго чейинки" деген сөздөр "он" деген сөз менен алмаштырылсын.
18. 231-статьянын 2-бөлүгүнүн экинчи абзацында "0,5тен бир өлчөмүнө чейин" деген сөздөр "бир өлчөмүндө" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
19. 232-статьяда:
1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Транспорт каражаттарынын айдоочуларынын кыймылдын 10 км/сааттан ашык, бирок 20 км/сааттан ашык эмес белгиленген ылдамдыгынан ашып кетиши, - эсептешүү көрсөткүчтүн эки өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет."; 2-бөлүгүнүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "эсептешүү көрсөткүчтүн беш өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет."; 3-бөлүгүнүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "эсептешүү көрсөткүчтүн он өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет.".
20. 233-статьянын экинчи абзацында "эскертүү же" деген сөздөр алып салынсын.
21. 234 жана 235-статьялар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"234-статья. Транспорт каражатын токтотуу жөнүндө ички иштер органынын кызматкеринин мыйзамдуу талаптарын транспорт каражатынын айдоочусунун аткарбоосу
Транспорт каражатын токтотуу жөнүндө ички иштер органынын кызматкеринин мыйзамдуу талаптарын транспорт каражатынын айдоочусунун аткарбоосу - эсептешүү көрсөткүчтүн он өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет. Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган ошол эле аракет жашы жетпегендер тарабынан жасалганда, - ата-энелерине же аларды алмаштырган адамдарга эсептешүү көрсөткүчтүн беш өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет. Эскертүү. Ички иштер органынын форма кийимин кийген кызматкеринин транспорт каражатын токтотуу жөнүндө талабы таякча менен же үн күчөткүч түзүлүштүн жардамы аркылуу сигнал берүү жолу менен билдирилет, мында бир эле учурда ышкырык менен берилиши мүмкүн. Сигнал айдоочуга түшүнүктүү болууга жана өз убагында берилүүгө тийиш, анткени аларды аткаруу авариялык кырдаалды түзбөшү керек.
Берененин тексти 13.04.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203742/st-1" title="1-берене - Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>