1-берене
Күчүн жоготкон · 13.04.2017 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Кодекс КР от 13 апреля 2017 года № 58.
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 2, 77-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:
1. 23-глава төмөнкүдөй мазмундагы 326-2-статья менен толукталсын:
"326-2-статья. Фонограммалар жөнүндө мыйзам талаптарын бузуу
Жалпы улуттук маанидеги иш-чараларды кошпогондо, ошондой эле телекөрсөтүү каналдары боюнча түз эфирге тартып алууларда жана көрсөтүүлөрдө Кыргыз Республикасынын республикалык жана жергиликтүү бюджеттеринин каражаттарынын эсебинен уюштурулуучу маданий-массалык иш-чаралардагы кызмат көрсөтүүлөрдө музыкалык чыгармаларды аткаруучулар тарабынан үндүк, плюстук жана жарым-жартылай фонограммаларды аткаруу, ошого тете иш-чараларга баруу укугун берүү боюнча керектөөчүлөргө кызматтарды көрсөтүүчү адамдар тарабынан мыйзамдардын мындай талаптарын камсыз кылбоо,- жеке жактарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн элүүдөн сексен, кызмат адамдарына - жүздөн жүз элүү, юридикалык жактарга - беш жүздөн сегиз жүз өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет. Өзү жөнүндө жана фонограммалардын түрлөрү, белеттерде, жарнактарда, афишаларда жана башка алып жүрүүчүлөрдө кеминде 20%ды түзүүчү маалыматтар жөнүндө көрсөтпөстөн, мындай иш-чараларга баруу укугун берүү боюнча керектөөчүлөргө кызматтарды көрсөтүүчү адамдар тарабынан, алардын убагында музыкалык чыгармалар аткарылуучу маданий-массалык иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү, - жеке жактарга - эсептешүү көрсөткүчүнүн сексенден жүз, кызмат адамдарына - жүз элүүдөн эки жүз, юридикалык жактарга - сегиз жүздөн бир миң өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет. Эскертүү. Ушул статьянын 2-бөлүгүндө каралган учурларда, мындай иш-чараларга баруу укугун берүү боюнча керектөөчүлөргө кызмат көрсөтүүчү адамдар катары музыкалык чыгармаларды аткаруучулардын өздөрү таанылышы мүмкүн.".
2. 534-статьянын 1-бөлүгү "321-1 деген сандардан кийин ", 326-2" деген сандар менен толукталсын.
Берененин тексти 13.04.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203730/st-1" title="1-берене - Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине толуктоолорду киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>