1-берене
Күчүн жоготкон · 24.05.2018 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 мая 2018 года № 54.
"Жарандык коргонуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 7, 749-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
1. 3-беренеде "белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге жана макулдашууларга" деген сөздөр "Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. 5-беренеде:
экинчи абзац күчүн жоготту деп таанылсын; үчүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "- Жарандык коргонуу жагындагы мамлекеттик саясаттын негизги багыттары боюнча сунуштарды, Жарандык коргонуунун башка маселелерин Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин кароосуна киргизет жана Коргоо кеңешинин алар боюнча чечимин бекитет;"; төртүнчү абзац күчүн жоготту деп таанылсын; сегизинчи абзац күчүн жоготту деп таанылсын.
3. 7-беренеде:
үчүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "- Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, мыйзамдарынын жана башка ченемдик укуктук актыларынын негизинде жана аларды аткаруу максатында Жарандык коргонуу жагындагы ченемдик укуктук актыларды чыгарат;"; берене төмөнкүдөй мазмундагы он жетинчи жана он сегизинчи абзацтар менен толукталсын: "- Жарандык коргонуу аскерлеринин аскер кызматчыларынын штаттык санын жана Жарандык коргонуу аскерлери жөнүндө жобону бекитет;
- Жарандык коргонуу жагындагы мамлекеттик бийлик органдарынын ишин координациялайт;".
4. 20-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"20-берене. Жарандык коргонуу жагындагы ал аралык кызматташуу жана эл аралык келишимдер
Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттер жана эл аралык уюмдар менен Жарандык коргонуу жагындагы кызматташуусу мамлекеттик органдар тарабынан Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.".
Берененин тексти 24.05.2018 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (2)
- Жарандык коргонуу жөнүндөЗакон · 24.05.2018 · № 54
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203708/st-1" title="1-берене - "Жарандык коргонуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>