Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР «»Жарандык коргонуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу» Мыйзамы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Закон КР от 24 мая 2018 года № 54 "О Гражданской защите"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2018-05-24.
КР 2018-жылдын 24-майындагы N 54 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТОТ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2012-жылдын 13-июлу № 108 "Жарандык коргонуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу
1-берене.
"Жарандык коргонуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2009-ж., № 7, 749-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
1. 3-беренеде "белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге жана макулдашууларга" деген сөздөр "Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге" деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. 5-беренеде:
экинчи абзац күчүн жоготту деп таанылсын; үчүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "- Жарандык коргонуу жагындагы мамлекеттик саясаттын негизги багыттары боюнча сунуштарды, Жарандык коргонуунун башка маселелерин Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин кароосуна киргизет жана Коргоо кеңешинин алар боюнча чечимин бекитет;"; төртүнчү абзац күчүн жоготту деп таанылсын; сегизинчи абзац күчүн жоготту деп таанылсын.
3. 7-беренеде:
үчүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "- Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, мыйзамдарынын жана башка ченемдик укуктук актыларынын негизинде жана аларды аткаруу максатында Жарандык коргонуу жагындагы ченемдик укуктук актыларды чыгарат;"; берене төмөнкүдөй мазмундагы он жетинчи жана он сегизинчи абзацтар менен толукталсын: "- Жарандык коргонуу аскерлеринин аскер кызматчыларынын штаттык санын жана Жарандык коргонуу аскерлери жөнүндө жобону бекитет;
- Жарандык коргонуу жагындагы мамлекеттик бийлик органдарынын ишин координациялайт;".
4. 20-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"20-берене. Жарандык коргонуу жагындагы ал аралык кызматташуу жана эл аралык келишимдер
Кыргыз Республикасынын башка мамлекеттер жана эл аралык уюмдар менен Жарандык коргонуу жагындагы кызматташуусу мамлекеттик органдар тарабынан Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырылат.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үч айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти
А.Атамбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 6 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (6)
- Жарандык коргонуу жөнүндөЗакон · 24.05.2018 · № 54
- Момбеков айылдык кеңешинин 2020-жылдын 23-мартындагы № 3 "Момбеков айыл аймагындагы айылдарга блок постторду коюу жɵнʏндɵ" токтомуПостановление · 23.03.2020 · № 3
- Момбеков айылдык кеңешинин 2020-жылдын 23-мартындагы № 4 "Момбеков айыл ɵкмɵтʏнʏн жергиликтʏʏ бюджетинде кɵрсɵтʏлгɵн сататьядан акча каражатын башка статьяга которуу жɵнʏндɵ"…Постановление · 23.03.2020 · № 4
- Жарандык коргонуу жөнүндөЗакон · 20.07.2009 · № 239 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 29-декабрындагы № 846 "Жарандык коргонуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу" токтомуПостановление · 29.12.2017 · № 846 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин 2017-жылдын 21-сентябрындагы № 596 “Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүштүк жана клиникалык трансфузиология боюнча…Постановление · 26.07.2018 · № 543 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- Жарандык коргонуу жөнүндөЗакон · 24.05.2018 · № 54
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон