9-берене. Милиция кызматчыларын тынчтыкты сактоо миссияларына катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жиберүү
Күчүндө · 07.08.2023 редакциясы
Акыркы өзгөртүү: Закон Кыргызской Республики от 7 августа 2023 года № 164
1. Кыргыз Республикасынын тынчтыкты сактоо миссиясынын курамына укук коргоо органдарынын кызматкерлерин жиберүү жолу менен Кыргыз Республикасынын тынчтыкты сактоо иштерине катышуусу жөнүндө чечим тышкы иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашылган, укук коргоо органдарынын сунушу боюнча Министрлер Кабинети тарабынан кабыл алынат.
Милиция кызматчыларынын Кыргыз Республикасынын аймагынын чегинен тышкары эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту колдоо боюнча иштерге катышуусун уюштуруу тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
2. Тынчтыкты сактоо иштерине катышуу жөнүндө Министрлер Кабинетинин чечиминин негизинде ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси укук коргоо органдарынын жетекчилеринин сунуштамасы боюнча тынчтыкты сактоо миссиясынын курамына жиберилүүчү укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин талапкерлерин тизме боюнча бекитет, көрсөтүлгөн кызматкерлердин аракеттенүү районун, алардын милдеттерин, баш ийүүсүн, болуу мөөнөтүн жана алмаштыруу тартибин аныктайт.
(Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 18-ноябрындагы № 154, 2023-жылдын 7-августундагы № 164 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 07.08.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
9-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон Кыргызской Республики от 7 августа 2023 года № 164 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере обороны"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 18 ноября 2014 года № 154 "О внесении изменения и дополнения в Закон Кыргызской Республики «Об основах и порядке участия Кыргызской Республики в деятельности по поддержанию международного мира и безопасности"Редакцияларды салыштыруу
07.08.2023 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…орган менен макулдашылган, укук коргоо органдарынын сунушу боюнча алынып салынды: Өкмөт кошулду: Министрлер Кабинети тарабынан кабыл алынат.
Милиция кызматчыларынын Кыргыз … боюнча иштерге катышуусун уюштуруу тартиби Кыргыз Республикасынын алынып салынды: Өкмөтү кошулду: Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
2. Тынчтыкты сактоо иштерине катышуу жөнүндө алынып салынды: Өкмөттүн кошулду: Министрлер Кабинетинин чечиминин негизинде ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу … баш ийүүсүн, болуу мөөнөтүн жана алмаштыруу тартибин аныктайт.
алынып салынды: (КР кошулду: (Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 18-ноябрындагы № алынып салынды: 154 Мыйзамынын редакциясына кошулду: 154, 2023-жылдын 7-августундагы № 164 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203707/st-9" title="9-берене - Кыргыз Республикасынын эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту колдоо боюнча иштерге катышуусунун негиздери жана тартиби жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>