8-берене. Кыргыз Республикасынын аскердик байкоочуларын тынчтыкты жана коопсуздукту колдоо боюнча операцияларга катышуу үчүн жиберүү
Күчүндө · 07.08.2023 редакциясы
1. Кыргыз Республикасынын аскердик байкоочуларын жиберүү жолу менен Кыргыз Республикасынын тынчтыкты сактоо иштерине катышуусу жөнүндө чечим тышкы иштер чөйрөсүндөгү мамлекеттик ыйгарым укуктуу орган менен макулдашылган, коргоо маселелерин алып баруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин сунушу боюнча Президент тарабынан кабыл алынат.
2. Президенттин тынчтыкты сактоо иштерине катышуу жөнүндө чечиминин негизинде коргоо маселелерин алып баруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси мыйзамда аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдардын жетекчилеринин сунуштамасы боюнча тынчтыкты сактоо миссиясынын курамына жиберилүүчү аскердик байкоочулукка талапкерлерди тизме боюнча бекитет, көрсөтүлгөн аскер кызматчыларынын аракеттенүү районун, алардын милдеттерин, баш ийүүсүн, болуу мөөнөтүн жана алмаштыруу тартибин аныктайт.
Берененин тексти 07.08.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
8-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203707/st-8" title="8-берене - Кыргыз Республикасынын эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту колдоо боюнча иштерге катышуусунун негиздери жана тартиби жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>