1-берене
Күчүн жоготкон · 16.05.2016 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 16 мая 2016 года № 60.
"Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы-экономикалык негиздери жөнүндө" (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2004-ж., № 2, 65-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
1. Мыйзамдын бүткүл тексти боюнча:
ар кыл жөндөмөлөрдөгү жана сандык формалардагы "аткаруучу-тескөөчү" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү жана сандык формалардагы "аткаруучу" деген сөзгө алмаштырылсын; ар кыл жөндөмө формаларындагы "жалпы мамлекеттик салыктар жана кирешелер" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "жалпы мамлекеттик салыктар жана башка кирешелер" деген сөздөргө алмаштырылсын; 7-статьянын 4-бөлүгүнүн 2-пунктун кошпогондо "жалпы мамлекеттик салыктардын" деген сөздөр "жалпы мамлекеттик салыктар жана башка кирешелер" деген сөздөргө алмаштырылсын; ар кыл жөндөмө формаларындагы "пункт" деген сөз тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "бөлүк" деген сөзгө алмаштырылсын.
2. Преамбуладагы "айылдын, шаарчанын, шаардын жана райондун" жана "айылдын, шаарчанын жана шаардын" деген сөздөр "айылдык аймактын жана шаардын" деген сөздөргө алмаштырылсын.
3. 1-статьяда:
2-бөлүк "бюджеттерден турат" деген сөздөрдөн кийин ага кирешелер жана чыгашалар кирет" деген сөздөр менен толукталсын; 3-бөлүктө "айылдын, шаарчанын, шаардын жана райондун" деген сөздөр "айылдык аймактын жана шаардын" деген сөздөргө алмаштырылсын; 15-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "15. Жергиликтүү бюджеттин киреше булактары - жергиликтүү салыктар жана жыйымдар, салыктык эмес кирешелер; республикалык деңгээлде бөлүштүрүлүүчү салыктар жана кирешелер; трансферттер, ыктыярдуу төгүмдөр.".
4. 2-статьянын үчүнчү абзацында "иштерди" деген сөз "маселелерди" деген сөзгө алмаштырылсын.
5. 13-статьянын бүткүл тексти боюнча "болжолдуу" деген сөз "божомолдонуучу" деген сөзгө алмаштырылсын.
Берененин тексти 16.05.2016 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- О финансово-экономических основах местного самоуправленияЗакон · 25.09.2003 · № 215 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203706/st-1" title="1-берене - "Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы-экономикалык негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>