Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР «»Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы-экономикалык негиздери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу» Мыйзамы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Закон КР от 16 мая 2016 года № 60 "О введении в действие Бюджетного кодекса Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2016-05-16.
КР 2016-жылдын 16-майындагы № 60 Мыйзамына ылайык 2017-жылдын 1-январынан тартып КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2012-жылдын 13-июлу № 106 "Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы-экономикалык негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу
1-берене.
"Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы-экономикалык негиздери жөнүндө" (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2004-ж., № 2, 65-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
1. Мыйзамдын бүткүл тексти боюнча:
ар кыл жөндөмөлөрдөгү жана сандык формалардагы "аткаруучу-тескөөчү" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү жана сандык формалардагы "аткаруучу" деген сөзгө алмаштырылсын; ар кыл жөндөмө формаларындагы "жалпы мамлекеттик салыктар жана кирешелер" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "жалпы мамлекеттик салыктар жана башка кирешелер" деген сөздөргө алмаштырылсын; 7-статьянын 4-бөлүгүнүн 2-пунктун кошпогондо "жалпы мамлекеттик салыктардын" деген сөздөр "жалпы мамлекеттик салыктар жана башка кирешелер" деген сөздөргө алмаштырылсын; ар кыл жөндөмө формаларындагы "пункт" деген сөз тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "бөлүк" деген сөзгө алмаштырылсын.
2. Преамбуладагы "айылдын, шаарчанын, шаардын жана райондун" жана "айылдын, шаарчанын жана шаардын" деген сөздөр "айылдык аймактын жана шаардын" деген сөздөргө алмаштырылсын.
3. 1-статьяда:
2-бөлүк "бюджеттерден турат" деген сөздөрдөн кийин ага кирешелер жана чыгашалар кирет" деген сөздөр менен толукталсын; 3-бөлүктө "айылдын, шаарчанын, шаардын жана райондун" деген сөздөр "айылдык аймактын жана шаардын" деген сөздөргө алмаштырылсын; 15-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "15. Жергиликтүү бюджеттин киреше булактары - жергиликтүү салыктар жана жыйымдар, салыктык эмес кирешелер; республикалык деңгээлде бөлүштүрүлүүчү салыктар жана кирешелер; трансферттер, ыктыярдуу төгүмдөр.".
4. 2-статьянын үчүнчү абзацында "иштерди" деген сөз "маселелерди" деген сөзгө алмаштырылсын.
5. 13-статьянын бүткүл тексти боюнча "болжолдуу" деген сөз "божомолдонуучу" деген сөзгө алмаштырылсын.
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
А.Атамбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 5 · байланышкандар: 4
Цитата келтиргендер (5)
- Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексин колдонууга киргизүү жөнүндөЗакон · 16.05.2016 · № 60
- КР Жогорку Кенешинин 2012-жылдын 14-июнундагы № 2039-V "Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансы-экономикалык негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр…Постановление · 14.06.2012 · № 2039-V
- О финансово-экономических основах местного самоуправленияЗакон · 25.09.2003 · № 215 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 12-сентябрындагы № 614 "Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексин ишке киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору…Постановление · 12.09.2012 · № 614 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 15-октябрындагы № 718 "Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жана…Постановление · 15.10.2012 · № 718 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексин колдонууга киргизүү жөнүндөЗакон · 16.05.2016 · № 60
- О финансово-экономических основах местного самоуправленияЗакон · 25.09.2003 · № 215 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (4)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Коңорчок айылдык кеңешинин 2017-жылдын 01-июнундагы №16/27 "Конорчок айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинин эсебине 2017-жылдын май айында түшкѳн кошумча каражатын бекитүү…Постановление · 01.06.2017 · № 16/27
- Коңорчок айылдык кеңешинин 2017-жылдын 01-июлундагы №18/29 "1. "Конорчок айылдык аймагынын жергиликтүү бюджетинин атайын каражатынын эсебине 2017-жылдын июнь айында түшкѳн…Постановление · 25.07.2017 · № 18/29
- Коңорчок айылдык кеңешинин 2017-жылдын 28-сентябрындагы №19/30 "2017-жыл ичинде жергиликтүү бюджеттен унөмдөлгөн акча каражатын статьядан башка статьяга жылдыруу жөнүндө" токтомуПостановление · 28.09.2017 · № 19/30
- Жер казынасын пайдаланууну лицензиялоонун тартиби жөнүндө ЖОБО (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 14-декабрындагы № 834 токтому менен бекитилген)Положение · 14.12.2012 · № 834 · Күчүн жоготкон