6-берене. Улуттук борбордун максаттары жана милдеттери
Күчүн жоготкон · 22.09.2025 редакциясы · 2-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Конституционный Закон КР от 22 сентября 2025 года № 203.
1. Улуттук борбордун негизги максаты эркиндигинен ажыратуу жана чектөө жайларында кармалып турган адамдарга карата кыйноолорду жана катаал мамилелерди алдын алуу жана кармоо шарттарын жакшыртууга көмөктөшүү болуп саналат.
2. Улуттук борбордун негизги милдеттери төмөнкүлөр болуп саналат:
1) эркиндигинен ажыратуу жана чектөө жайларында кыйноолорду жана катаал мамилелерди алдын алуу жана кармоонун шарттарын жакшыртуу боюнча стратегияны иштеп чыгуу, координациялоо жана анын аткарылышына көз салуу, анын ишке ашырылышына катышуу;
2) Улуттук борбордун кызматкерлери, Координациялык кеңештин мүчөлөрү жана эксперттер тарабынан эркиндигинен ажыратуу жана чектөө жайларына үзгүлтүксүз алдын алма барууларынын тутумунун натыйжалуу иштөөсүн камсыз кылуу;
3) кыйноолорду жана катаал мамилени колдонууга алып келүүчү себептерди жана шарттарды четтетүүгө багытталган агартуучулук жана билим берүүчүлүк иш-чараларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу;
4) кыйноолорго жана катаал мамилеге каршы күрөшүү жаатындагы ченемдик укуктук базаны өркүндөтүүгө көмөктөшүү;
5) кыйноолорду жана катаал мамиленин алдын алуу тутумунун натыйжалуу иштөөсүн камсыз кылуу үчүн мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүү;
6) коомдо кыйноолорго жана катаал мамилеге карага келишпестикти калыптандыруу жана алар менен күрөшүүнүн маанилүүлүгүн түшүндүрүү;
7) кыйноолор жана катаал мамиле менен күрөшүү жаатында эл аралык кызматташууну өнүктүрүүгө көмөктөшүү.
Берененин тексти 22.09.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
6-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203704/st-6" title="6-берене - Кыйноолорду жана башка катаал, адамкерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанынтүрлөрүнүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борбору жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>