24-берене. Эркиндигинен ажыратуу жана чектөө жайларына алдын алма баруулардын мезгилдүүлүгү
Күчүн жоготкон · 22.09.2025 редакциясы · 4-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Конституционный Закон КР от 22 сентября 2025 года № 203.
1. Улуттук борбор тигил же бул эркиндигинен ажыратуу жана чектөө жайларына баруулардын мезгилдүүлүгүн Улуттук борбордун иштөөсү үчүн берилген каржы ресурстарына жараша өз алдынча аныктайт.
2. Ар тараптуу текшерүүнү жүргүзүү менен эркиндигинен ажыратуу жана чектөө жайларына алдын алма баруулар эркиндигинен ажыратуу жана чектөө жайларынын тизмесине жана Улуттук борбор тарабынан жыл сайын иштелип чыккан жана Координациялык кеңеш тарабынан бекитилген баруулардын программасына ылайык жүзөгө ашырылат.
3. Орто аралыкта алдын алма баруулардын мезгилдүүлүгү эркиндигинен ажыратуу жана чектөө жайларынын санын, географиялык жайгашуусун, тибин жана толуктугун эске алуу менен Улуттук борбордун директору, аймактык өкүлчүлүктөрдүн жетекчилери (өкүлдөрү) тарабынан аныкталат. Кандай гана болбосун эркиндигинен ажыратуу жана чектөө жайларына орто аралыкта баруулардын эң төмөнкү жыштыгы мурдагы баруулардын натыйжаларына, ушул эркиндигинен ажыратуу жана чектөө жайында кыйноолордон жана катаал мамилелерден эркиндикке укуктарын сактоо кырдаалына карата маалыматтардын өкмөттүк эмес булактарынын болушуна же жоктугуна жараша болот.
4. Кандай учурда болбосун ар бир эркиндигинен ажыратуу жана чектөө жайы 2 жылда бир жолудан кем эмес ар тараптуу текшерүү жүргүзүү менен барууга туш болууга тийиш, ал эми орто аралыкта алдын алма баруу баруулардын бардык типтери үчүн пайдаланылган жалпы убакыттын жарымынан кем эмесин түзүүсү тийиш.
Берененин тексти 22.09.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
24-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203704/st-24" title="24-берене - Кыйноолорду жана башка катаал, адамкерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанынтүрлөрүнүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борбору жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>