23-берене. Эркиндигинен ажыратуу жана чектөө жайларына алдын алма баруулардын типтери
Күчүн жоготкон · 22.09.2025 редакциясы · 4-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Конституционный Закон КР от 22 сентября 2025 года № 203.
1. Эркиндигинен ажыратуу жана чектөө жайларына алдын алма баруулар Улуттук борбор тарабынан иштелип чыккан жана Координациялык кеңеш тарабынан бекитилген бирдиктүү методологиянын негизинде ар тараптуу текшерүүлөрдү, мезгил-мезгили менен же атайлап барууларды жүргүзүү менен мезгилдүү баруулар аркылуу жүргүзүлөт.
2. Ар тараптуу текшерүүнү жүргүзүү менен эркиндигинен ажыратуу жана чектөө жайларына алдын алма баруулар эркиндигинен ажыратуу жана чектөө тутумун ар тараптуу талдоо жана баа берүү жана эркиндигинен ажыратылган жана эркиндиги чектелген адамдарга карата кыйноолорду жана катаал мамилени колдонууга көмөктөшкөн негизги себептерди ачуу максатын көздөйт. Ар тараптуу текшерүүнү жүргүзүү менен баруулар эркиндигинен ажыратуу жана чектөө жайларында кармалган адамдардын жалпы санынын үчтөн биринен кем эмеси менен жеке аңгемелешүү, алар менен мамилеге тиешеси бар маалыматтарды, алардын макулдугу менен айрым адамдардын медициналык карталарын кошуп алганда, жазаларды берүү жөнүндө администрациянын буйруктарын жана тескемелерин, алардын көрсөтүлгөн жерлерде болушунун мыйзамдуулугун ырастоочу документтерди үйрөнүү менен коштолот.
3. Эркиндигинен ажыратуу жана чектөө жайларына орто аралыкта алдын алма баруулар ар тараптуу текшерүүнү жүргүзүү менен баруулардын ортосундагы мезгилде алдын ала эскертүүсүз аныкталбаган убакыттын аралыгында жүзөгө ашырылат. Арадагы алдын алма баруулардын максаты сунуштамалардын аткарылышын байкоодо жана эркиндигинен ажыратылган жана эркиндиги чектелген адамдар, эркиндигинен ажыратуу жана чектөө жайларынын кызматкерлери алдын алма барууларды жүзөгө ашыруучу топ менен кызматташуу үчүн куугунтуктоолорго дуушар болбосуна кепилдик берүүдө турат.
4. Атайы баруулар кыйноолорду жана катаал мамиле колдонуу, эркиндигинен ажыратуу жана чектөө жайларында өлүм фактысы жөнүндө ар бир билдирүү боюнча же айкын көйгөйлөрдү изилдөө үчүн жүргүзүлөт.
Берененин тексти 22.09.2025 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
23-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203704/st-23" title="23-берене - Кыйноолорду жана башка катаал, адамкерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанынтүрлөрүнүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борбору жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>