90-берене. Ювеналдык юстиция тутумунун иштөө принциптери
Күчүндө · 01.08.2020 редакциясы · 11-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 24 апреля 2019 года № 56
Ювеналдык юстиция тутумунун иштеши төмөнкү принциптерге негизденет: жашы жетпегендердин арасында укук бузуулардын алдын алуунун; анын мыкты өнүгүшү үчүн жашы жетпегенди ар тараптуу социалдаштыруу жана реинтеграциялоо үчүн шарттарды түзүүнүн; жашы жетпегенди тарбиялоонун жагымдуу жана табигый чөйрөсүн түзүү үчүн үй-бүлөгө мамлекеттик көмөк көрсөтүүнүн; ювеналдык юстиция тутумун түзүүчү институттардын өз ара аракеттенүү жол-жоболорунун бүдөмүксүздүгүнүн; ювеналдык юстиция тутумунун аракеттерин координациялоонун; ювеналдык юстиция тутумунда маалыматтын ачыктыгынын жана жеткиликтүүлүгүнүн; мыйзам менен чатагы бар жашы жетпегендерге карата сот адилеттигин жүргүзүүдө зомбулуктун бардык түрлөрүнө тыюу салуунун жана аларды болтурбоонун; мөөнөтүн чектөөнү эске алуу менен эркиндигинен ажыратууну акыркы чара катары колдонуунун; жашы жетпегенге карата пробациялык баяндама даярдоонун; эркиндигинен ажыратылган (камакка алынганды кошуп алганда) жашы жетпегенге андан ары реабилитациялануу жана социалдык реинтеграциялануу үчүн тарбиялык, психологиялык, медициналык жардам көрсөтүүнүн; жашы жетпегендин эң мыкты таламдарын сактоонун; жашы жетпегенге мыйзамсыз жана негизсиз эркиндигинен ажыратууну колдонууга тыюу салуунун; укук бузуу жасаган жашы жетпегенге карата таасир көрсөтүүнүн альтернативдүү чараларын колдонууга тыюу салуунун; жашы жетпегенге карата кыйноолорду, катаал, адамкерчиликсиз же кемсинткен мамилелерди же жаза колдонууга тыюу салуунун; ювеналдык юстиция тутумунун ишиндеги купуялыктын шарттарын сактоонун. (КР 2019-жылдын 24-апрелиндеги № 56 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 01.08.2020 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
90-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203700/st-90" title="90-берене - Кыргыз Республикасынын балдар жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>