Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
66-берене. Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары туруктуу жашаган Кыргыз Республикасынын жаранынын чет өлкөлүк жарандардын балага - Кыргыз Республикасынын жаранына карата асырап алууну белгилөөсү
Күчүндө · 01.08.2020 редакциясы · 8-глава
1. Кыргыз Республикасынын аймагында Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналган баланы чет элдик жарандардын асырап алуусу жарандык иштер тартибинде асырап алуучулардын экөөнүн же бирөөнүн, ошондой эле прокурордун катышуусу менен Кыргыз Республикасынын соттору тарабынан жүргүзүлөт.
Кыргыз Республикасынын аймагында Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналган баланы чет элдик жарандар асырап алууда эл аралык келишимдердин жоболорун эске алуу менен, ушул Кодекстин 44-46-беренелеринин, 48-беренесинин (1-бөлүгүнүн 7-пунктун кошпогондо), 49 жана 50-беренелеринин, 51-беренесинин (бешинчи абзацын кошпогондо), 52-54-беренелеринин талаптары да сакталууга тийиш. Кыргыз Республикасынын аймагында Кыргыз Республикасынын жарандары менен никеде турган чет өлкөлүк жарандардын Кыргыз Республикасынын жарандары болуп саналган балдарды асырап алуусу, эгерде эл аралык келишимдерде башкача каралбаса, ушул Кодексте Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн белгиленген тартипте жүргүзүлөт. Кыргыз Республикасынын аймагында Кыргыз Республикасынын жарандары чет өлкөлүк жаран болуп саналган баланы асырап алууда баланын мыйзамдуу өкүлүнүн жана бала жараны болуп саналган мамлекеттин компетенттүү органынын, ошондой эле эгерде бул көрсөтүлгөн мамлекеттин мыйзамдарына ылайык талап кылынса, баланын асырап алууга макулдугун алуу зарыл.
2. Эгерде асырап алуунун натыйжасында баланын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана эл аралык келишимдерде белгиленген укуктары бузулушу мүмкүн болгон учурда, асырап алуучунун жарандыгына карабастан асырап алуу жүргүзүлүшү мүмкүн эмес, ал эми жүргүзүлгөн асырап алуу сот тартибинде жокко чыгарылууга жатат.
3. Эгерде эл аралык келишимдерде башкача каралбаса, Кыргыз Республикасынын жарандары болуп саналган жана Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкарыда чет өлкөлүк жарандар асырап алган балдардын укуктарын жана мыйзамдуу таламдарын коргоо, көрсөтүлгөн балдар жашы жеткенге чейин эсепте туруучу Кыргыз Республикасынын консулдук мекемелери тарабынан, эл аралык укуктун нормаларында жол берилген чектерде жүзөгө ашырылат.
Кыргыз Республикасынын жарандары болуп саналган жана чет элдик жарандар асырап алган балдарды Кыргыз Республикасынын консулдук мекемелери тарабынан эсепке коюунун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
4. Асырап алуучу жараны болуп саналган чет өлкөлүк мамлекеттин компетенттүү органы тарабынан жүргүзүлгөн Кыргыз Республикасынын жараны болуп саналган жана Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары жашаган баланы асырап алуу Кыргыз Республикасынын аймагынын чегинен тышкары чыкканга чейин бала же анын ата-энеси (алардын бири) анын аймагында жашаган балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдан асырап алууга алдын ала уруксат алынган шарттарда Кыргыз Республикасында жарактуу деп таанылат.
5. Асырап алууну белгилөө асырап алуучуга талапкердин арызы боюнча асырап алынуучу баланын жашаган (турган) жери боюнча райондук сот тарабынан жүргүзүлөт.
6. Асырап алуучуга талапкерлер бала менен таанышууга жеке өздөрү катышууга, ошондой эле баланы асырап алуу боюнча соттун жыйналышына түздөн-түз катышууга милдеттүү.
Асырап алуучуга талапкерлер (эгерде бул толук үй-бүлө болсо, анда эки жубай тең) бала менен таанышууда аны менен 10 календардык күндөн кем эмес убакытты чогуу өткөрүшөт. Асырап алуу боюнча иштер Кыргыз Республикасынын Граждандык процесстик кодексинде белгиленген жалпы процесстик мөөнөттөрдүн алкагында каралат.
7. Асырап алуу жөнүндө арыз канааттандырылганда, асырап алуучулардын (асырап алуучунун) жана асырап алынган баланын укуктары жана милдеттери баланы асырап алуу жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө кирген күндөн тартып белгиленет.
Баланы асырап алуу жөнүндө соттун чечиминин көчүрмөсү, соттун чечими мыйзамдуу күчүнө кирген күндөн тартып 3 күндүн ичинде сот тарабынан баланы асырап алууну мамлекеттик каттоо үчүн, соттун чечими кабыл алынган жер боюнча жарандык абалдын актыларын жазуу органына жиберилет.
8. Аймактарында асырап алынган балдар жашап турган, асырап алынган балдардын жашоо шарттарын жана тарбиялануусун көзөмөлдөөнү жүзөгө ашыруу боюнча милдеттенмелерди өзүнө алган мамлекеттердин компетенттүү органдары же болбосо Кыргыз Республикасында аккредиттацияланган, асырап алуу боюнча тиешелүү чет өлкөлүк уюмдар тарабынан Кыргыз Республикасынын балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органына асырап алуучулардын үй-бүлөлөрүндөгү балдардын жашоо жана тарбиялануу шарттары жөнүндө отчеттор берилет.
Берененин тексти 01.08.2020 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын Жарандык процесстик кодексиКодекс · 25.01.2017 · № 14
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203700/st-66" title="66-берене - Кыргыз Республикасынын балдар жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>