45-берене. Баланы асырап алуунун тартиби
Күчүндө · 01.08.2020 редакциясы · 8-глава
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 1 августа 2020 года № 109
1. Баланы асырап алууну каалаганы жөнүндө арыз асырап алуучунун жашаган жери же асырап алынуучунун турган жери боюнча балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органга берилет.
Балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу орган баланы асырап алууну каалаган адамдын турмуш-тиричилик шарттарын изилдөөгө, асырап алуу үчүн тоскоолдуктар жок экенин, асырап алуу баланын таламдарына жооп берээрин текшерүүгө, баланын асырап алуучуга мамилесин аныктоого, асырап алуучуга зарыл документтерди чогултууга көмөк көрсөтүүгө материалдарды өзүнүн корутундусу менен соттун кароосуна берүүгө милдеттүү.
2. Баланы асырап алуу жөнүндө материалдар тиешелүү чечим чыгаруу менен үч айлык мөөнөттөн кечиктирилбестен сот тарабынан жарандык сот өндүрүшү тартибинде каралышы керек.
Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашаган Кыргыз Республикасынын жарандарына, Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары туруктуу жашаган Кыргыз Республикасынын жарандарына, чет элдик жарандарга балдарды асырап алууга берүүнүн тартиби, ошондой эле асырап алуучулардын үй-бүлөлөрүндөгү балдардын жашоосунун жана тарбиялануусунун шарттарын көзөмөлдөөнү жүзөгө ашыруунун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.
3. Асырап алуучунун жана асырап алынган баланын ушул Кодекстин 58-беренесинде каралган укуктары жана милдеттери баланы асырап алуу жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө киргенден кийин келип чыгат.
Баланы асырап алуу жөнүндө соттун чечими мыйзамдуу күчүнө кирген күндөн тартып 3 күндөн кечиктирбестен сот ушул чечимдин көчүрмөсүн баланын төрөлгөнү мамлекеттик каттоодон өткөн жери боюнча жарандык абалдын актыларын жазуу органдарына жиберет. (Абзац КР 2020-жылдын 1-августундагы № 109 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту) (КР 2020-жылдын 1-августундагы № 109 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 01.08.2020 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
45-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөрүнүн тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча чогултулду, жаңылары биринчи. Өзгөртүү киргизген актынын кабыл алынган күнү көрсөтүлгөн.
- Закон КР от 1 августа 2020 года № 109 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере регистрации актов гражданского состояния"Редакцияларды салыштыруу
01.08.2020 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…жери боюнча жарандык абалдын актыларын жазуу органдарына жиберет.
алынып салынды: Баланы асырап алуу жарандык абалдын актыларын мамлекеттик каттоо үчүн белгиленген тартипте мамлекеттик каттоого жатат.кошулду: (Абзац КР 2020-жылдын 1-августундагы № 109 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)
(КР 2020-жылдын 1-августундагы № 109 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Бул актынын беренеде аталган беренелери
Бул актынын ага шилтеме берген беренелери
Беренеде аталган актылар (1)
- Жарандык абалдын актыларын каттоо чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөЗакон · 01.08.2020 · № 109
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203700/st-45" title="45-берене - Кыргыз Республикасынын балдар жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>