37-берене. Балдарды жатак мекемелерге жайлаштыруу
Күчүндө · 01.08.2020 редакциясы · 5-глава
1. Алардын ата-энелик укуктарынан ажыратылганына же ата-энелик укуктарынын чектелгенине, ата-энелери дайынсыз жоголгон, аракетке жөндөмсүз (аракетке чектелүү жөндөмдүү) деп таанылганына, алар эркиндигинен ажыратуу түрүндө жазаны өтөп жатканына байланыштуу, ата-энелери жок жетим-балдарды менчигинин түрүнө карабастан жатак мекемелерине жиберүү балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын корутундусуна негизделген соттун чечими боюнча жүргүзүлөт жана баланы үй-бүлөгө жайгаштыруунун мүмкүнчүлүгү түгөнгөн учурда акыркы чара катары колдонулат.
Баланы сүйлөөсү, көрүүсү жана угуусу бузулган балдар үчүн жатак-мектеп, психоневрологиялык жатак-үйлөргө жайгаштыруу психологиялык-медициналык-педагогикалык комиссиянын корутундусу боюнча ушул жатак мекемелер ведомстволук баш ийүүсүндө турган тиешелүү ыйгарым укуктуу орган тарабынан жүргүзүлөт. Баланы жаза чарасы катары жабык типтеги адистештирилген жатак-мектепке жайгаштыруу сот тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине жана Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексине ылайык жүргүзүлөт.
2. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн биринчи абзацында көрсөтүлгөн категориядагы балдарды менчигинин формасына карабастан убактылуу жатак мекемелерге 6 айга чейинки мөөнөттө жайгаштыруу психологиялык-медициналык-педагогикалык комиссиянын жана балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын корутундулары боюнча ушул жатак мекемелер ведомстволук баш ийүүсүндө турган тиешелүү ыйгарым укуктуу органдар тарабынан жүргүзүлөт.
3. Баланын жатак мекемеде туруусунун негиздүүлүгүн кайра кароо аймагында баланын үй-бүлөсү жашаган балдарды коргоо боюнча аймактык ыйгарым укуктуу органдын, ушул жатак мекемелер ведомстволук баш ийүүсүндө турган тиешелүү ыйгарым укуктуу органдардын корутундуларынын негизинде, мыйзамдуу өкүлдөрдүн, ошондой эле балдардын укуктарын жана таламдарын коргоо боюнча уюмдардын арызы боюнча сот тарабынан жүзөгө ашырылат.
Берененин тексти 01.08.2020 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
37-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (2)
- Кыргыз Республикасынын Жаза-аткаруу кодексиКодекс · 31.01.2017 · № 17
- Кыргыз Республикасынын Жазык кодексиКодекс · 02.02.2017 · № 19 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203700/st-37" title="37-берене - Кыргыз Республикасынын балдар жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>