29-берене. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын турмуштук оор кырдаалда турган балдарды коргоо
Күчүндө · 01.08.2020 редакциясы · 4-глава
чөйрөсүндөгү функциялары
Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдары турмуштук оор кырдаалда турган балдарды коргоо чөйрөсүндө төмөнкү функцияларды жүзөгө ашырат: тиешелүү аймакта турмуштук оор кырдаалда турган балдарды коргоо чөйрөсүндө кызматтарды көрсөткөн ыйгарым укуктуу органдардын аймактык бөлүмдөрү жана башка уюмдар менен тыгыз өз ара аракетте иштешет; тиешелүү аймакта жашаган турмуштук оор кырдаалда турган балдар үчүн социалдык кызмат көрсөтүүлөргө керектөөлөргө баа берүүнү өткөрөт жана баа берүүнү натыйжаларын жергиликтүү кеңешке берет; балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмдөрү менен бирдикте турмуштук оор кырдаалда турган балдарды табууну, аларды алгачкы эсепке алууну жүзөгө ашырат; тиешелүү аймакта балдардын, ошондой эле алардын асырап алуучуларынын, камкорчуларынын, көзөмөлчүлөрүнүн жана багуучу ата-энелеринин жашоо шарттарына мониторингди жүзөгө ашырууда балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмдөрүнө көмөк көрсөтөт, баланы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмүнүн жоопкерчилигине өткөрүп бергенге чейин турмуштук оор кырдаалда турган баланы убактылуу жайгаштырууну камсыз кылат; ушул Кодексте жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында каралган башка функцияларды жүзөгө ашырат.
Берененин тексти 01.08.2020 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
29-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203700/st-29" title="29-берене - Кыргыз Республикасынын балдар жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>