28-берене. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын турмуштук оор кырдаалда турган балдарды коргоо чөйрөсүндөгү функциялары
Күчүндө · 01.08.2020 редакциясы · 4-глава
Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар турмуштук оор кырдаалда турган балдарды коргоо чөйрөсүндө төмөнкү функцияларды аткарат: турмуштук оор кырдаалда турган балдарды коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын аймактык бөлүмдөрүнүн ишин координациялайт; турмуштук оор кырдаалда турган балдарды табууга көмөктөшөт; Балдар иштери боюнча комиссиянын ишин камсыз кылат; жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте, 5 жылда бирден кем эмес турмуштук оор кырдаалда турган балдар үчүн райондун социалдык кызмат көрсөтүүлөргө керектөөлөрүнө берүүнү жүзөгө ашырат; зарыл социалдык кызмат көрсөтүүлөрдү түзүүнү жана каржылоону камсыз кылат; Балдар иштери боюнча комиссиянын протоколунун негизинде турмуштук оор кырдаалда турган баланы коргоо боюнча жекече планды бекитүү жөнүндө чечим кабыл алат жана анын аткарылышын көзөмөлдөөнү жүзөгө ашырат; Балдар иштери боюнча комиссиянын протоколунун негизинде турмуштук оор кырдаалда турган үй-бүлө менен жекече иштөөнүн планын бекитүү жөнүндө чечим кабыл алат жана анын аткарылышын көзөмөлдөөнү жүзөгө ашырат; ушул Кодексте жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларында каралган башка функцияларды жүзөгө ашырат.
Берененин тексти 01.08.2020 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
28-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203700/st-28" title="28-берене - Кыргыз Республикасынын балдар жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>