1-берене
Күчүн жоготкон · 18.01.2022 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 18 января 2022 года № 4.
Кыргыз Республикасынын Салык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 8, 922-ст.) төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүү киргизилсин:
1. 345-беренеде:
2-бөлүктүн биринчи абзацы "салык органдары кызматы тарабынан берилүүчү" деген сөздөрдөн кийин "же төлөм терминалы аркылуу салык төлөөчү сатып алуучу" деген сөздөр менен толукталсын; 3-бөлүк "ишкердикти жүргүзгөн орду боюнча салык кызматынан" деген сөздөрдөн кийин "же төлөм терминалы аркылуу" деген сөздөр менен толукталсын.
2. 355-статьянын 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Эгерде ушул бөлүктө башкача каралбаса, патент удаалаш өтүүчү 1, 2, 15, 30, 90 же 180 күнгө сатып алынышы мүмкүн. Патентти 90 күнгө сатып алууда салыктын суммасы 5 пайызга, 180 күнгө сатып алууда - 10 пайызга төмөндөйт. Төлөм терминалы аркылуу сатып алынуучу патент удаалаш өтүүчү 1ден 30 күнгө чейинки мөөнөткө сатып алынышы мүмкүн.".
Берененин тексти 18.01.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Салык кодексиКодекс · 17.10.2008 · № 230 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203668/st-1" title="1-берене - Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>