1-берене
Күчүн жоготкон · 18.01.2022 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 18 января 2022 года № 4.
Кыргыз Республикасынын Салык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2008-ж., № 8, 922-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. 4-берененин 2-бөлүгүндө:
11-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "11) "Салык төлөөчү мойнуна алган салык карызы" - салык карызынын төлөнбөгөн суммасы:
- салык төлөөчүнүн салык отчеттуулугунун негизинде кошуп эсептелген;
- ушул Кодекске ылайык салык кызматынын органынын чечиминин негизинде эсептелген, салык төлөөчү таанышкан жана талашпаган;
- ушул Кодекске ылайык салык кызматынын органынын чечиминин негизинде эсептелген, салык карызын төлөө тууралуу соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечими бар карыз.";
бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы 17-пункт менен толукталсын: "17) "Салык кызматынын органынын чечими" - ыйгарым укуктуу салык органында же сотто талашылышы мүмкүн болгон, ушул Кодекске ылайык салык кызматы кабыл алган ченемдик эмес акт.".
2. 16-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Ушул Кодекс менен белгиленген датага чейин Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында көрсөтүлгөн мөөнөт аяктаган учурда, ар кандай мөөнөттүн башталышы ушул дата болгондон кийинки күндөн башталат.".
3. 18-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарын колдонуу боюнча эрежелерди, жоболорду, нускамаларды жана башка документтерди басып чыгарууга милдеттүү.".
4. 20-берененин экинчи абзацында "ыйгарым укуктуу салык органы" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү" деген сөздөргө алмаштырылсын.
5. 28-берене төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Электрондук санарип колтамгалуу электрондук документтерди алмашуунун тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.".
6. 36-берененин 2-бөлүгүнүн 1 жана 3-пункттары "күндөн" деген сөздөн кийин "кийинки күндөн" деген сөздөр менен толукталсын.
7. 42-берененин 1-бөлүгүнүн 12-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"12) салык кызматы органынын кызмат адамынын чечимине, аракетине же аракетсиздигине даттанууга;".
8. 44-берененин 1-бөлүгүнүн 11-пункту "күндөн" деген сөздөн кийин "кийинки күндөн" деген сөздөр менен толукталсын.
9. 50-берененин 1-бөлүгүнүн 3-пунктунда "ыйгарым укуктуу салык органы белгилеген форма боюнча" деген сөздөр алып салынсын.
10. 51-беренеде:
1-бөлүктүн 13 жана 14-пункттары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "13) ушул Кодексте каралган мөөнөттөрдө жана учурларда салык милдеттенмелерин аткаруу жөнүндө чечимди салык төлөөчүгө тапшырууга;
14) ушул Кодексте белгиленген учурларда, салык төлөөчүнүн жазуу жүзүндөгү суроо-талабы боюнча аны алган күндөн кийинки күндөн тартып 2 жумушчу күндөн кечиктирбей салыктардын, салыктык санкциялардын, туумдардын жана пайыздардын суммалары жана салыктарды эсептөөнүн жана төлөөнүн даталары жөнүндө чечимин, ошондой эле салык төлөөчүгө жана/же анын салык милдеттенмесине жана/же анын салык карызына карата кабыл алынган салык кызматынын органынын чечимин берүүгө;";
2-бөлүктүн биринчи абзацында "мамлекеттик" деген сөз "салыктык" деген сөзгө алмаштырылсын; 3-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "3. Эгерде ушул Кодексте каралган тартипте салык контролун жүргүзүүнүн жыйынтыктары боюнча кылмыш жоопкерчилиги баштала турган чектен ашкан эсептелбеген салыктын суммалары табылса, салык кызматынын органдары салык текшерүүсүнүн материалдарын төмөнкүдөй учурларда укук коргоо органдарынын кароосуна жиберет:
1) эгерде тиешелүү чечим мыйзамдуу күчүнө кирсе жана салык төлөөчү тарабынан даттануу берүүнүн ушул Кодексте белгиленген мөөнөтүнүн ичинде салык төлөөчү ыйгарым укуктуу салык органына даттанбаса;
2) эгерде салык төлөөчүнүн даттануусуна карата эсептелбеген салыктын суммасы кылмыш жоопкерчилиги баштала турган чектен ашып кеткенин ырастаган ыйгарым укуктуу салык органынын мыйзамдуу күчүнө кирген тиешелүү чечими бар болсо жана салык төлөөчүгө ыйгарым укуктуу салык органынын чечимин колуна бергенден кийинки күндөн тартып 30 календардык күндүн ичинде салык төлөөчү сотко даттануу менен кайрылбаса;
3) эгерде эсептелбеген салыктын өлчөмү кылмыш жоопкерчилиги баштала турган чектен ашып кеткенин ырастаган соттун мыйзамдуу күчүнө кирген тиешелүү чечими болсо.
Эгерде салык төлөөчү ыйгарым укуктуу салык органынын же соттун тиешелүү чечиминде көрсөтүлгөн салык карызынын бардык суммасын белгиленген мөөнөттө жойсо, салык кызматынын органдары укук коргоо органдарына салыктык укук бузуу фактысы жөнүндө маалыматты жөнөтүү жөнүндө чечим кабыл алууга укугу жок.".
11. 58-берененин 1-бөлүгүнүн биринчи абзацы "күндөн" деген сөздөн кийин "кийинки күндөн" деген сөздөр менен толукталсын.
12. 64-берененин 2-бөлүгү "күндөн" деген сөздөн кийин "кийинки күндөн" деген сөздөр менен толукталсын.
13. 65-берененин 2 жана 4-бөлүктөрү "күндөн" деген сөздөн кийин "кийинки күндөн" деген сөздөр менен толукталсын.
14. 66-беренеде:
1-бөлүк "күндөн" деген сөздөн кийин "кийинки күндөн" деген сөздөр менен толукталсын; 2-бөлүктө "күндөн тартып" деген сөздөр "күндөн кийинки күндөн тартып" деген сөздөргө алмаштырылсын. 3-бөлүктүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Жеке адамдын ушул берененин 3-бөлүгүндө көрсөтүлгөн аткарылбаган салык милдеттенмеси бар экени жөнүндө чечим, жеке адамды кабарсыз жоголду же аракетке жарамсыз деп таануу жөнүндө маалыматтарды алган күндөн кийинки күндөн тартып 5 күндүн ичинде берилет.".
15. 73-берененин 7-бөлүгү "күндөн" деген сөздөн кийин "кийинки күндөн" деген сөздөр менен толукталсын.
16. 74-беренеде:
берененин аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "74-берене. Салык төлөөчү мойнуна алган салык карызын аткаруу"; 4-бөлүктө "күндөн кийинки" деген сөздөр "күндөн кийинки күнкү" деген сөздөргө алмаштырылсын. 5-бөлүктө "ыйгарым укуктуу салык органы" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү" деген сөздөргө алмаштырылсын. 7-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "7. Эгерде салык төлөөчү мойнуна алган салык карызын аткарууну салык төлөөчүнүн жана/же үчүнчү жактардын накталай акча каражаттарынын жана/же эсептердеги акча каражаттарынын эсебинен камсыз кылуу жөнүндө чечим салык төлөөчүгө тапшырылса, бирок салык төлөөчү тиешелүү чечим тапшырылган күндөн кийинки күндөн тартып 15 календардык күндүн ичинде берилген чечимди аткарбаса, же берилген чечимге ушул Кодексте белгиленген тартипте даттанбаган учурда ушул берене колдонулат.".
17. 75-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн доо арызын берүүдө салык органы салык төлөөчүнүн үчүнчү тарабына, анын ичинде дебиторго, жумуш берүүчүгө, банкка же болбосо башка уюмга салык карызы бар салык төлөөчүнүн дарегине же анын тапшырмасы боюнча акча төлөмдөрүн токтотуу жөнүндө салык кызматы органынын чечимин, чечимди тиркөө менен жиберүүгө укуктуу. Эгерде үчүнчү жак чечимде көрсөтүлгөн талаптарды соттун чечими чыкканга чейин аткарбаса жана салык кызматы органынын бул чечимин талашпаса төлөмгө барабар, бирок салык карызынын суммасынан ашпаган сумма өндүрүлөт. Ушул бөлүктө каралган сумманы өндүрүү соттун чечими боюнча жүзөгө ашырылат.".
18. 77-берененин 2-бөлүгүнүн экинчи абзацында "үч күндүк мөөнөттө" деген сөздөр "бул чечим чыгарылган күндөн кийинки 3 күндүн ичинде" деген сөздөргө алмаштырылсын.
19. 79-беренеде:
6-бөлүк "күндөн" деген сөздөн кийин "кийинки күндөн" деген сөздөр менен толукталсын; 7-бөлүктүн биринчи абзацында "күндөн тартып" деген сөздөр "күндөн кийинки күндөн тартып" деген сөздөргө алмаштырылсын; 11-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "11. Кийинкиге жылдыруу жана бөлүп төлөө мөөнөтүн берүү же аны берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан салык төлөөчүгө жана салык төлөөчү эсепке алынган жердеги салык кызматы органына мындай чечим кабыл алынган күндөн кийинки күндөн тартып 3 күндүн ичинде жиберилет.".
20. 80-беренеде:
3-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "3. Жеңилгис күчтүн жагдайларынын келип чыгыш себеби боюнча бузууларды кошпогондо кийинкиге жылдыруу жана бөлүп төлөө мөөнөтүн берүүнүн шарттарын салык төлөөчү бузганда салык кызматы органы салык төлөөчү чечимди алган күндөн кийинки күндөн тартып 10 күндүн ичинде бузууларды четтетүү жөнүндө чечимди салык төлөөчүгө жиберет. Эгерде салык төлөөчү бул чечимди аткарбаса жана талашпаса кийинкиге жылдыруу жана бөлүп төлөө мөөнөтүнүн колдонулушу салык төлөөчү кийинкиге жылдыруу жана бөлүп төлөө мөөнөтүнүн шарттарын бузган күндөн тартып мөөнөтүнөн мурда токтотулат."; 4-бөлүктүн биринчи абзацында "күндөн" деген сөз "күндөн кийинки күндөн" деген сөздөргө алмаштырылсын; 5-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "5. Кийинкиге жылдыруу же бөлүп төлөөнү жокко чыгаруу жөнүндө чечим бул чечимди кабыл алган ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан чечим кабыл алынган күндөн кийинки күндөн тартып 3 жумушчу күндөн кечиктирбестен, салык төлөөчүгө ушул Кодексте белгиленген тартипте жиберилет.".
21. 81-беренеде:
3-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "3. Салыктын ашыкча төлөнгөн суммасын чегерүү салык кызматы органы тарабынан салык төлөөчүнүн аткарылбаган салык милдеттенмеси болгон учурда салык төлөөчүгө чегерүү жөнүндө чечимди тапшыруу менен чегерүү жүргүзүлгөн күндөн кийинки күндөн тартып 10 календардык күндүн ичинде өз алдынча жүргүзүлөт."; 5-бөлүктө "күндөн кийин" деген сөздөр "күндөн кийинки күндөн тартып" деген сөздөргө алмаштырылсын; 7 жана 8-бөлүктөрдө "күндөн тартып" деген сөздөр "күндөн кийинки күндөн тартып" деген сөздөргө алмаштырылсын.
22. 10-главанын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "10-глава. Салык кызматы органынын чечими".
23. 82 жана 83-беренелер төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"82-берене. Салык кызматы органынын чечими жана анын мазмуну
1. Салык төлөөчү үчүн олуттуу юридикалык кесепеттери бар бардык маселелер боюнча ушул Кодекске ылайык чечим салык кызматынын органы тарабынан кабыл алынат.
2. Чечимдин түрүнө жараша анда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
1) салык төлөөчүнүн фамилиясы, аты, атасынын аты же анын толук аталышы;
2) салык төлөөчүнүн идентификациялык салык номери;
3) чечим кабыл алынган дата;
4) чечим кабыл алуу үчүн негиз;
5) кабыл алынган чечим;
6) чечим кабыл алынган күнгө карата эсептелген салыктар, пайыздар, туумдар жана салык санкциялары боюнча карыздын суммасы;
7) тиешелүү салыктардын, пайыздардын, туумдардын жана салык санкцияларынын реквизиттери;
8) ушул Кодексте белгиленген салык милдеттенмесин аткаруу мөөнөтү;
9) салык төлөөчү чечимди аткарбаган учурда колдонула турган салык милдеттенмесин аткарууну камсыз кылуу боюнча чаралар;
10) салык кызматы органынын салык төлөөчүгө жана/же анын салык милдеттенмесине жана/же анын салык карызына карата кылган аракеттери жөнүндө маалымат;
11) даттануу тартиби;
12) салык төлөө же салык карызын жоюу үчүн зарыл болгон банк реквизиттери;
13) башка зарыл маалыматтар.
3. Чечим салык төлөөчүгө ушул чечимди тапшыруу жолу менен жеткирилет.
4. Чечим эки нускада түзүлөт, алардын бири салык төлөөчүгө же ушул Кодексте белгиленген учурларда жактарга тапшырылат.
5. Чечимди кабыл алуунун формасы жана тартиби ыйгарым укуктуу салык органы тарабынан белгиленет.
Эгерде чечимдин формасы белгиленбесе, ал эркин формада түзүлөт.
Берененин тексти 18.01.2022 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Салык кодексиКодекс · 17.10.2008 · № 230 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203655/st-1" title="1-берене - Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>