4-берене. Турак жай комиссиясы
Күчүндө · 14.05.2012 редакциясы
1. Турак жай комиссиясы Жогорку Кеңештин Төрагасынын тескемеси менен төмөнкү курамда түзүлөт:
1) Жогорку Кеңештин Төрагасынын чарбалык иштер боюнча орун басарынан - комиссиянын төрагасы;
2) караштуулугунда регламент маселелери болгон комитеттин өкүлүнөн - комиссиянын төрагасынын орун басары;
3) ар бир фракциянын (бирден) өкүлдөрүнөн;
4) Жогорку Кеңештин профсоюздук комитетинин төрагасынан;
5) иш башкаруучунун турак жай маселеси боюнча орун басарынан.
2. Турак жай комиссиянын ыйгарым укуктарына төмөнкүлөр кирет:
1) арыз берүүчүлөргө батир берүү жөнүндө чечимдерди кабыл алуу;
2) чүчүкулак өткөрүүнүн тартибин белгилөө;
3) батирлерди алгачкы бөлүштүрүүдө чүчүкулак өткөрүү;
4) ушул Мыйзамда каралган негиздер боюнча батирден чыгаруу жөнүндө чечимдерди кабыл алуу;
5) мыйзамдарга карама-каршы келбеген башка иштерди жүзөгө ашыруу.
3. Турак жай комиссиянын иши Жогорку Кеңештин Төрагасы тарабынан бекитилүүчү жобо менен жөнгө салынат.
Берененин тексти 14.05.2012 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
4-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203652/st-4" title="4-берене - "Кызматтык турак үй жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>