3-берене. Батирлерди берүү тартиби
Күчүндө · 14.05.2012 редакциясы
1. Депутат батир алуу үчүн Жогорку Кеңештин Төрагасына арыз менен кайрылат, ал аны батир берүүнүн негиздерин иликтөө үчүн Жогорку Кеңештин Иш башкармалыгына жиберет.
2. Даярдалган материалдар Иш башкармалыгы тарабынан Жогорку Кеңештин турак жай комиссиясына (мындан ары - турак жай комиссиясы) жиберилет.
3. Турак жай комиссиясынын депутатка батир берүү жөнүндө чечиминин негизинде Жогорку Кеңештин Төрагасы тиешелүү тескеме чыгарат.
4. Үйгө отурукташтырууда депутаттардын арасында батирлерди бөлүштүрүү чүчүкулак боюнча жүргүзүлөт. Чүчүкулак жүргүзүүнүн тартиби турак жай комиссиясы тарабынан аныкталат.
Батирлерди андан ары бөлүштүрүү алардын бошогонуна жараша кезектүүлүк тартибинде жүргүзүлөт.
5. Жогорку Кеңештин Төрагасынын тескемесинин жана турак жай комиссиясынын чечиминин негизинде Иш башкармалыгынын жана жалдоочулардын ортосунда батирди жалдоо келишими түзүлөт, анын негизинде отурукташтыруу жүргүзүлөт.
Берененин тексти 14.05.2012 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
3-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203652/st-3" title="3-берене - "Кызматтык турак үй жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>