8-берене. Кыргыз Республикасына чет өлкөлүк делегациялардын визиттеринин программалары
Күчүн жоготкон · 03.06.2026 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 3 июня 2026 года № 80.
1. Кыргыз Республикасына жогорку/бийик деңгээлдеги чет өлкөлүк делегациялардын визиттеринин программалары Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тиешелүү бөлүмдөрү менен бирдикте, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги тарабынан иштелип чыгат жана делегациялардын келишине байланышкан жолугушуу аземдерин жана башка протоколдук иш-чараларды карайт. Программаларды иштеп чыгуу убагында дипломатиялык каналдар боюнча жогорку даражалуу меймандын каалоосу такталат.
2. Убактысын, өтүүчү жерин, катышуучулардын курамын жана визитти уюштуруу жана жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон башка маалыматтарды көрсөтүү менен иш-чаралардын ырааттуулугун сактоо программанын милдеттүү шарты болуп саналат.
3. Жогорку/бийик деңгээлдеги чет өлкөлүк делегациянын визитинин программасы Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги тарабынан киргизилет жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын жетекчилери тарабынан бекитилет же болбосо тиешелүү аппараттардын тышкы саясий иштерди тейлеген орун басарлары тарабынан бекитилет. Визиттин программасы бекитилген учурдан тартып расмий документ болуп саналат.
4. Эгерде жогорку даражалуу мейманды жубайы коштоп келатса, ал үчүн өзүнчө программа түзүлөт жана макулдашылат.
Берененин тексти 03.06.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
8-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203632/st-8" title="8-берене - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик протоколу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>