7-берене. Кыргыз Республикасында чет өлкөлүк делегациялардын катышуусундагы протоколдук иш-чаралар
Күчүн жоготкон · 03.06.2026 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 3 июня 2026 года № 80.
1. Кыргыз Республикасында чет өлкөлүк делегациялардын катышуусундагы протоколдук иш-чараларга жогорку/бийик деңгээлде расмий жолугушуулар жана меймандарды жөнөтүү, биргелешкен эл аралык келишимдерге кол коюу, басма сөз конференциялары, расмий кабыл алуулар, Кыргыз Республикасынын тарыхый жерлерине (Жеңиш аянты же "Ата-Бейит" тарыхый-мемориалдык комплекси) гүлчамбарларды коюу кирет.
2. Эл аралык тажрыйбага ылайык, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппараты, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппараты, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппараты менен бирдикте протоколдук иш-чараларды иштеп чыгат.
3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин тиешелүү бөлүмү макулдашууну, даярдоону, эл аралык келишимдердин аутенттүүлүгүн аныктоону жана кол коюуну уюштурат.
Берененин тексти 03.06.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
7-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203632/st-7" title="7-берене - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик протоколу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>