1-берене. Ушул Мыйзамда колдонулуучу терминдер жана түшүнүктөр
Күчүн жоготкон · 03.06.2026 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 3 июня 2026 года № 80.
Ушул Мыйзамда төмөнкүдөй терминдер жана түшүнүктөр колдонулат: Мамлекеттик протокол - бул Кыргыз Республикасынын аймагында мамлекеттик деңгээлде башка мамлекеттер менен расмий иш-чараларда сакталуучу жалпы кабыл алынган эрежелердин, салттардын жана шарттуулуктардын жыйындысы. Протоколдук улуктук - бул ички мамлекеттик жана эл аралык иш-чараларды өткөрүүдө колдонулуучу Кыргыз Республикасынын жогорку кызмат адамдарынын улуктук тизмеги. Мамлекеттик визит - чет мамлекет менен жетишилген эки тараптуу мамилелердин жогорку саясий деңгээлин белгилөө максатында Кыргыз Республикасына жүргүзүлүүчү визиттин жогорку түрү, ал чет мамлекет башчысынын бийликтеги ыйгарым укуктарын үзгүлтүксүз аткарып жаткан мезгилинде бир жолу гана жүзөгө ашырылышы мүмкүн. Ушул Мыйзамда каралган аземдик сый көрсөтүүнүн көлөмү боюнча мамлекеттик визит кыйла толук болуп эсептелет. Расмий визит - чет мамлекеттер менен расмий дипломатиялык мамилелерди чагылдырган визиттин негизги түрү, чет мамлекеттин башчылары үчүн Кыргыз Республикасына визиттин статусу боюнча экинчи түрү жана өкмөттөрдүн, тышкы саясат ведомстволорунун башчылары, ошондой эле чет мамлекеттин парламенттеринин спикерлери үчүн Кыргыз Республикасына визиттин жогорку түрү. Жумушчу визит - белгилүү максаттуу мааниси бар визит: сүйлөшүүлөргө, консультациялар, келишимдерге жана макулдашууларга кол коюу, улуттук көргөзмөлөрдү, маданият күндөрүн ачуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президенти, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри жана Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри менен жумушчу жолугушууларды өткөрүү үчүн чет мамлекеттердин башчыларынын, өкмөт башчыларынын, тышкы иштер министрлеринин Кыргыз Республикасына келиши. Жеке визит - коомдук багыт боюнча конференцияларга жана кеңешмелерге катышуу, спорттук мелдештерге катышуу үчүн, ошондой эле өз өлкөсүнүн элчисинин мейманы катары же туризм максатында жеке иштери боюнча чет мамлекеттердин башчыларынын, өкмөт башчыларынын Кыргыз Республикасына визити. Жол ара визит - анын аймагы аркылуу өтүп бара жаткан чет өлкөлүк өкүлчүлүктүн Кыргыз Республикасында кыска болушу. Жогорку деңгээлдеги визит - мамлекет башчыларынын, өкмөт башчыларынын, парламенттердин спикерлеринин деңгээлинде чет өлкөлүк делегациялардын Кыргыз Республикасына визити жана алардын статусуна ылайык аземдик сый көрсөтүү. Бийик деңгээлдеги визит - чет мамлекеттердин тышкы саясат ведомстволорунун башчыларынын, чет мамлекеттердин мамлекет башчыларынын жана өкмөт башчыларынын атайын өкүлдөрүнүн, эл аралык уюмдардын жетекчилеринин жана аларга теңештирилген адамдардын Кыргыз Республикасына визити. Визиттин форматы - визиттин программасында чагылдырылган иштиктүү жана протоколдук мүнөздөгү иш-чаралардын жыйындысы, алардын каадалары жана аларга катышкан адамдардын жеке катышууларынын деңгээли. Расмий кабыл алуу - делегация башчысынын келишине арналган иш-чаралар. Эстелик белектер - визиттин жүрүшүндө расмий делегациянын башчысына жана мүчөлөрүнө тапшырылуучу, Кыргыз Республикасын символдоштуруучу сувенирлер жана белектер.
Берененин тексти 03.06.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 8-октябрындагы № 587 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик протоколу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз…Постановление · 08.10.2014 · № 587 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203632/st-1" title="1-берене - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик протоколу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>