2-берене
Күчүн жоготкон · 15.11.2021 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Конституционный Закон КР от 15 ноября 2021 года № 137.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Кеңештин иштеп жаткан курамы, ушул Мыйзамда жана "Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңеш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген Кеңештин мүчөлүгүнө талапкерлерге карата коюлуучу талаптарга жооп бербеген Кеңештин мүчөлөрүн кошпогондо, "Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңеш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык шайланган мөөнөткө өз ыйгарым укуктарын сактап калат. Ушул Мыйзам күчүнө кирген учурдан тартып:
- Судьяларды тандоо боюнча кеңеш ушул Мыйзамда жана "Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңеш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген Кеңештин мүчөлүгүнө талапкерлерге карата коюлуучу талаптарга жооп бербеген Кеңештин мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктарын токтотсун;
- Судьялар кеңеши, Жогорку Кеңештин парламенттик көпчүлүгү жана парламенттик оппозициясы ушул беренеге ылайык ыйгарым укуктары токтотулган Кеңештин мүчөлөрүнүн ордуна "Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңеш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жана ушул Мыйзамдын талаптарына ылайык Кеңештин курамына жаңы талапкерлерди Жогорку Кеңешке киргизсин.
Берененин тексти 15.11.2021 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
2-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңеш жөнүндөЗакон · 13.06.2011 · № 40 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203627/st-2" title="2-берене - Кыргыз Республикасынын Судьяларын тандоо боюнча кеңеш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>