1-берене
Күчүн жоготкон · 03.03.2023 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон Кыргызской Республики от 3 марта 2023 года № 49.
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө Кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 2, 77-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. 49-статья төмөнкүдөй мазмундагы 2-бөлүк менен толукталсын:
"Администрациялык жаза-чара колдонулгандан кийин кайталанып жасалган ошол эле аракеттер, - ээлеген кызмат ордунан четтетүүгө алып келет.".
2. 52-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"52-статья. Шайлоо алдында үгүт жүргүзүүнүн шарттарын бузуу
Шайлоочу, байкоочу, талапкер жана анын өкүлдөрү тарабынан шайлоо жөнүндө мыйзамдарда каралган шайлоо алдында үгүт жүргүзүү шарттарын бузуу - эсептешүү көрсөткүчүнүн он бештен жыйырмага чейин администрациялык айып салууга алып келет. Ошол эле аракеттердин жалпыга маалымдоо каражаттары тарабынан жасалышы - беш жүз эсептешүү көрсөткүчү өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет. Администрациялык жаза-чара колдонулгандан кийин кайталанып жасалган ошол эле аракеттер - шайлоонун жыйынтыктары расмий жарыяланганга чейинки мезгилге жалпыга маалымдоо каражаттарынын ишин токтото турууга алып келет.".
3. 53-статьянын экинчи абзацында "элүүдөн жүз" деген сөздөр "сексенден жүз" деген сөздөргө алмаштырылсын.
4. Кодекс төмөнкүдөй мазмундагы 53-1-статья менен толукталсын:
"53-1-статья. Талапкерлердин ар-намысына, кадыр-баркына жана ишкердик беделине шек келтирүүчү маалыматтарды тараткан теле- жана радиопрограммаларды алып берүү
Шайлоо дайындалган мезгилден тартып шайлоонун натыйжалары расмий жарыяланганга чейин талапкерлердин, саясий партиялардын ар-намысына, кадыр-баркына жана ишкердик беделине шек келтирүүчү маалыматтарды тараткан теле- жана радиопрограммаларды алып берүү - бир миң эсептешүү көрсөткүчү өлчөмүндө администрациялык айып салууга алып келет. Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө каралган ошол эле аракеттердин администрациялык жаза-чара колдонулгандан кийин кайталанып жасалышы - шайлоонун натыйжалары расмий жарыяланганга чейинки мезгилге жалпыга маалымдоо каражаттарынын ишин токтото турууга алып келет.".
5. 57-статьянын 1-бөлүгүнүн биринчи абзацында "төрагасынын орун басары," деген сөздөр алып салынсын.
6. Кодекс төмөнкүдөй мазмундагы 58-1 жана 58-2-статьялар менен толукталсын:
"58-1-статья. Шайлоочулардын добуштарын эсептөөгө катышкан адамдарга добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протоколдун көчүрмөсүн бербөө
Шайлоо комиссиясынын катчысынын шайлоочулардын добуштарын эсептөөгө катышкан адамга добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протоколдун көчүрмөсүн бербөөсү - эсептешүү көрсөткүчүнүн бештен он өлчөмүнө чейин администрациялык айып салууга алып келет.
Берененин тексти 03.03.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме берген актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын Буузуулар жөнүндө КодексиКодекс · 13.04.2017 · № 58 · Күчүн жоготкон
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын Буузуулар жөнүндө КодексиКодекс · 13.04.2017 · № 58 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203610/st-1" title="1-берене - Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>