16-статья. Бажы айланасында кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндө иштерди
Күчүн жоготкон · 31.12.2014 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 31 декабря 2014 года № 184.
жүзөгө ашыруучу жактардын реестрине киргизүү (киргизүүдөн баш тартуу) жөнүндө чечим
1. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бажы айланасында кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндө иштерди жүзөгө ашыруучу жактардын реестрине киргизүү жөнүндө чечимди документтерди кароо мөөнөтүн кошкондо, аны кабыл алуу үчүн зарыл болгон бардык документтер катталган күндөн тартып 15 күндөн кечиктирбестен кабыл алат. Бажы айланасында кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндө иштерди жүзөгө ашыруучу жактардын реестрине киргизүү жөнүндө чечим кабыл алуудан төмөнкү учурларда баш тартылышы мүмкүн:
1) эгер ушул главага ылайык талап кылынган бардык документтер жана маалыматтар берилбесе;
2) арыз берүүчү тарабынан ушул Кодекстин 15-статьясында каралган шарттар сакталбаса.
Арыз берүүчү тарабынан ушул пункттун 1 жана 2-пункттарына ылайык баш тартууга негиз болгон кемчиликтер жоюлган учурда арыз жалпы негиздерде каралат.
2. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган кабыл алынган чечим жөнүндө арыз берүүчүгө чечим кабыл алынган күндөн тартып 3 күндүн ичинде кабарлоого милдеттүү.
Бажы айланасында кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндө ишти жүзөгө ашыруучу жактардын реестрине киргизүүдөн баш тартуу тууралуу кабарлоо баш тартуунун себебин көрсөтүү менен арыз берүүчүгө же анын өкүлүнө жазуу жүзүндө жиберилет (тапшырылат).
3. Ыйгарым укуктуу органдын бажы айланасында кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндө иштерди жүзөгө ашыруучу жактардын реестрине киргизүүдөн баш тартуусуна ушул Кодекстин XIV бөлүмүндө белгиленген тартипте даттанылышы мүмкүн.
Берененин тексти 31.12.2014 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
16-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203523/st-16" title="16-статья - Кыргыз Республикасынын Бажы кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>