15-статья. Бажы айланасында кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндө ишти
Күчүн жоготкон · 31.12.2014 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 31 декабря 2014 года № 184.
жүзөгө ашыруучу жактардын реестрине киргизүүнүн шарттары
1. Бажы айланасында кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндө ишти жүзөгө ашыруучу жактардын реестрине киргизүүнүн шарттары төмөнкүлөр болуп саналат:
1) убактылуу сактоо кампасын же бажы кампасын уюштурууда:
- убактылуу сактоо кампасы же бажы кампасы катары пайдаланууга жарактуу жайлардын жана (же) ачык аянттардын болуусу (ушул Кодекстин 70 жана 101-статьялары);
- убактылуу сактоо кампасын же бажы кампасын уюштуруу үчүн аймакты (аянтты) жана жайларды пайдалануу, ээлөө же ээлик кылуу укугунун мөөнөтү арыз берилген учурдан тартып үч жылдан кем болбоосу керек;
- бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча милдеттемелерди аткарууну камсыз кылуу;
- бажы органдарынын маалыматтык тутумдары менен техникалык жактан шайкеш келген бажы контролу алдындагы товарларды эсепке алуунун жана контролдоонун маалыматтык тутумдарын колдонуу;
2) алымсыз соода дүкөнүн уюштурууда:
- алымсыз соода дүкөнү катары пайдаланууга жарактуу жайлардын болуусу (ушул Кодекстин 109-статьясы);
- алымсыз соода дүкөнүн уюштуруу үчүн жайларды пайдалануу, ээлөө же ээлик кылуу укугунун мөөнөтү арыз берилген учурдан тартып үч жылдан кем болбоосу керек;
- бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча милдеттемелерди аткарууну камсыз кылуу;
- бажы контролу алдындагы товарларды эсепке алуунун жана контролдоонун бажы органдарынын маалыматтык тутумдары менен техникалык жактан шайкеш келген маалыматтык тутумдарын колдонуу;
3) бажы брокери катары:
- штатында бажылык жол-жоболоштуруу боюнча квалификациялык күбөлүк алган бирден кем эмес адистин болуусу (ушул Кодекстин 307, 308-статьялары);
- бажы органдарынын маалыматтык тутумдарына техникалык жактан шайкеш келген маалымат тутумдарын колдонуу;
- бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча милдеттемелерди аткарууну камсыз кылуу.
2. Бажы айланасында чөйрөдө иштерди жүзөгө ашыруучу жактын реестрине киргизүү жөнүндө ыйгарым укуктуу орган тарабынан кабыл алынган чечим тиешелүү арыз берген жакка карата гана жарактуу жана мөөнөтсүз болуп саналат.
3. Убактылуу сактоо кампасынын ээси, бажы кампасынын ээси, алымсыз соода дүкөнүнүн ээси жана бажы брокери катары иштер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык милдеттүү камсыздандырылууга тийиш.
Берененин тексти 31.12.2014 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
15-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203523/st-15" title="15-статья - Кыргыз Республикасынын Бажы кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>