13-статья
Күчүн жоготкон · 16.05.2015 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 16 мая 2015 года № 98.
төмөнкүдөй мазмундагы 4 жана 5-бөлүктөр менен толукталсын: "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасына кирүүгө уруксат берилбеген чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар, ошондой эле аларга карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынан чыгууга тыюу салуу жөнүндө чечим кабыл алынган адамдар мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүлүүгө тийиш эмес. Мамлекеттик чек арадан өткөрүү пункттары аркылуу адамдарды, транспорт каражаттарын, жүктөрдү, товарларды жана жаныбарларды өткөрүү төмөнкүлөрдү камтыйт:
- чек ара контролун (Кыргыз Республикасына кирүүгө же Кыргыз Республикасынан чыгууга укук берген документтерди текшерүүнү, мамлекеттик чек араны кесип өтүү эрежелерин бузуучуларды табуу максатында транспорт каражаттарын карап көрүүнү жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка аракеттерди жүзөгө ашырууну);
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган таризде жана тартипте өткөрүлүп жаткан жүктөргө, товарларга, транспорт каражаттарына жана жаныбарларга карата бажы контролун.".
Берененин тексти 16.05.2015 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
13-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203516/st-13" title="13-статья - "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>