Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР «»Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу» Мыйзамы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Закон КР от 16 мая 2015 года № 98 "О Государственной границе Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2015-05-16.
КР 2015-жылдын 16-майындагы № 98 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2011-жылдын 22-декабры № 250 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 7, 367-ст.) төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
13-статья төмөнкүдөй мазмундагы 4 жана 5-бөлүктөр менен толукталсын: "Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасына кирүүгө уруксат берилбеген чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар, ошондой эле аларга карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынан чыгууга тыюу салуу жөнүндө чечим кабыл алынган адамдар мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүлүүгө тийиш эмес. Мамлекеттик чек арадан өткөрүү пункттары аркылуу адамдарды, транспорт каражаттарын, жүктөрдү, товарларды жана жаныбарларды өткөрүү төмөнкүлөрдү камтыйт:
- чек ара контролун (Кыргыз Республикасына кирүүгө же Кыргыз Республикасынан чыгууга укук берген документтерди текшерүүнү, мамлекеттик чек араны кесип өтүү эрежелерин бузуучуларды табуу максатында транспорт каражаттарын карап көрүүнү жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка аракеттерди жүзөгө ашырууну);
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган таризде жана тартипте өткөрүлүп жаткан жүктөргө, товарларга, транспорт каражаттарына жана жаныбарларга карата бажы контролун.".
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
А.Атамбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы жөнүндөЗакон · 16.05.2015 · № 98
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы жөнүндөЗакон · 19.03.1999 · № 27 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 28-мартындагы № 618 "“Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу" токтомуПостановление · 28.10.2014 · № 618 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы жөнүндөЗакон · 16.05.2015 · № 98