1-берене
Күчүн жоготкон · 16.05.2015 редакциясы
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 16 мая 2015 года № 98.
"Кыргыз Республикасынын чек ара кызматы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 7, 368-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 11-статьяда:
экинчи абзацтагы "транспорт каражаттарын жана аны менен ташылып бараткан жүктөрдү жана башка мүлктү карап көрүүгө" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек ара жөнүндө мыйзамдарына ылайык чек ара контролун жүзөгө ашырууга" деген сөздөргө алмаштырылсын; он биринчи жана он экинчи абзацтар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "- ушул Мыйзамдын 4-статьясынын биринчи бөлүгүнүн жетинчи жана сегизинчи абзацтарында каралган милдеттерди аткаруу максатында, бажы органдары менен бирдикте мамлекеттик чек арадагы өткөрүү пункту аркылуу өтүп жаткан адамдардын транспорт каражаттарын, товарларын, жүктөрүн, мүлкүн жана башка буюмдарын карап көрүүнү жүзөгө ашырууга;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу алып өтүлүп жаткан Кыргыз Республикасынан алып чыгууга же Кыргыз Республикасына алып кирүүгө тыюу салынган буюмдарды, ошондой эле контрабандалык буюмдарды белгиленген тартипте алып коюуга жана Кыргыз Республикасынын бажы жана башка органдарына өткөрүп берүүгө;".
2. 12-статьянын бешинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- чек ара контролун Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек ара жөнүндө мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырууга;".
Берененин тексти 16.05.2015 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- О пограничной службе Кыргызской РеспубликиЗакон · 19.03.1999 · № 28 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203515/st-1" title="1-берене - Кыргыз Республикасынын чек ара кызматы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>