Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР «Кыргыз Республикасынын чек ара кызматы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Мыйзамы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Закон КР от 16 мая 2015 года № 98 "О Государственной границе Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2015-05-16.
КР 2015-жылдын 16-майындагы № 98 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2011-жылдын 22-декабры № 249 "Кыргыз Республикасынын чек ара кызматы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Кыргыз Республикасынын чек ара кызматы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-ж., № 7, 368-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 11-статьяда:
экинчи абзацтагы "транспорт каражаттарын жана аны менен ташылып бараткан жүктөрдү жана башка мүлктү карап көрүүгө" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек ара жөнүндө мыйзамдарына ылайык чек ара контролун жүзөгө ашырууга" деген сөздөргө алмаштырылсын; он биринчи жана он экинчи абзацтар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "- ушул Мыйзамдын 4-статьясынын биринчи бөлүгүнүн жетинчи жана сегизинчи абзацтарында каралган милдеттерди аткаруу максатында, бажы органдары менен бирдикте мамлекеттик чек арадагы өткөрүү пункту аркылуу өтүп жаткан адамдардын транспорт каражаттарын, товарларын, жүктөрүн, мүлкүн жана башка буюмдарын карап көрүүнү жүзөгө ашырууга;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасы аркылуу алып өтүлүп жаткан Кыргыз Республикасынан алып чыгууга же Кыргыз Республикасына алып кирүүгө тыюу салынган буюмдарды, ошондой эле контрабандалык буюмдарды белгиленген тартипте алып коюуга жана Кыргыз Республикасынын бажы жана башка органдарына өткөрүп берүүгө;".
2. 12-статьянын бешинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- чек ара контролун Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек ара жөнүндө мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырууга;".
2-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү эки айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти
А.Атамбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы жөнүндөЗакон · 16.05.2015 · № 98
- О пограничной службе Кыргызской РеспубликиЗакон · 19.03.1999 · № 28 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 28-мартындагы № 618 "“Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу" токтомуПостановление · 28.10.2014 · № 618 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасы жөнүндөЗакон · 16.05.2015 · № 98
- О пограничной службе Кыргызской РеспубликиЗакон · 19.03.1999 · № 28 · Күчүн жоготкон