15-берене. Кеңештин ыйгарым укуктары жана укуктары
Күчүн жоготкон · 23.10.2024 редакциясы · 3-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 30 апреля 2022 года № 33.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 6 июня 2013 года № 90
Кеңеш белгиленген милдеттердин чегинде төмөнкүлөргө укуктуу: Корпорациянын уставын, Кеңештин регламентин, редакциялык саясатты бекитүүгө, Корпорациянын ишин жөнгө салуучу башка документтерге өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүүгө; Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте, Корпорациянын максаттарына жана милдеттерине ылайык кредиттерди, гранттарды жана башка каражаттарды тартууга; Корпорациянын чыгашаларынын (бюджетинин) сметасын, пландык документтерин жана каржылык отчетторун кароого жана макулдашууга; Корпорациянын каржылык каражаттарынын, мүлкүнүн жана башка активдеринин пайдаланылышы жөнүндө Корпорациянын кызмат адамдарынын отчетторун угууга; Корпорациянын тийиштүү кызмат адамдарынан каржылык-чарбалык ишти жүзөгө ашырууга байланышкан документтерди белгиленген тартипте суратып алууга; уставда белгиленген милдеттерди чечүү үчүн зарылдыгына жараша Кеңештин мүчөлөрүнүн ичинен комиссияларды, жумушчу топторун түзүүгө; Корпорациянын ишинин маселелери боюнча коомдук угууларды өткөрүүгө; Корпорациянын иши боюнча документтерди көз карандысыз текшерүүнү, аудитти жүргүзүү, консультацияларды алуу үчүн эксперттерди тартууга жана жумушчу топторун түзүүгө; Корпорациянын ишине тийиштүү зарыл маалыматты мамлекеттик органдардан жана уюмдардан белгиленген тартипте суратууга жана алууга; Корпорациянын ишинин маселелери боюнча жарандар менен уюмдардын Кеңештин дарегине келип түшкөн жана жөнөтүлгөн арыздарын жана кайрылууларын кароого; Корпорациянын башкы директорун Кеңештин мүчөлөрүнүн жалпы санынын үчтөн экисинин добушу менен конкурстук негизде шайлоого; Кеңештин мүчөлөрүнүн жалпы санынын добуштарынын үчтөн экиси менен Корпорациянын башкы директорун ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотууга; Кеңештин жалпы мүчөлөрүнүн санынын үчтөн экисинин добушу менен башкы директор тарабынан анын орун басарларын дайындоого жана бошотууга макулдук берүүгө.
2. Кеңеш Корпорациянын ишинин маалымдуулугун жана ачыктыгын камсыз кылат, коомчулук менен байма-бай жолугушууларды, консультацияларды өткөрөт жана коомдук кызыкчылыктарды ашкере билдирүү максаттарда этникалык, гендердик, курактык, кесиптик, маданий жана диний принциптер боюнча жарандардын өкүлдөрүнүн сунуштарын эсепке алат.
(КР 2013-жылдын 6-июнундагы № 90 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 23.10.2024 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
15-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 6 июня 2013 года № 90 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "Об Общественной телерадиовещательной корпорации Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
06.06.2013 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…үчтөн экисинин добушу менен конкурстук негизде шайлоого;
Кеңештин кошулду: мүчөлөрүнүн жалпы алынып салынды: курамынын кошулду: санынын добуштарынын үчтөн экиси менен Корпорациянын башкы директорун ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотууга;
Кеңештин жалпы мүчөлөрүнүн санынын үчтөн экисинин добушу менен башкы директор тарабынан анын орун … принциптер боюнча жарандардын өкүлдөрүнүн сунуштарын эсепке алат.
кошулду: (КР 2013-жылдын 6-июнундагы № 90 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/203513/st-15" title="15-берене - Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>